Акыркы кабарлар
» Коом » Ажырашуу жыл санап көбөйүүдө
Ажырашуу жыл санап көбөйүүдө
05-март, 10:49
794 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ке жеткен. Башкача айтканда, ажырашуу фактысы 561ге көбөйгөн.
“Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары (2000ден ашык арыз). Ал эми эң азы – Ош, Нарын жана Талас облустарында. Бул жакта ажырашуулардын саны 500дөн ашпайт” деди Бейшеналиев. Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң 395 нике катталган.
"Азия Ньюс" гезити