Кудайберди Кожобековдун ОшМУга ректор болгону – бийликке көлөкө түшүргөнү
Шайлоо жараяны учурунда Ош шаарынын башкы аянтында “Азаттык” партиясынын шайлоо үгүт иштерине студенттердин катышкандыгы тууралуу маалыматтан кийин ызы-чуу башталган. Президенттин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгын аткарбагандыгы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 9-ноябрда кызматтан алуу чечимин чыгарган.
Андан кийин “ЭлТР Кыргызстан” каналында Ош шаардык ИИБнин пресс-кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков “ОшМУнун студенттерин экскурсияга чыгаруу амалында мугалимдер партиянын үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууга алып барышкан” деп айткан. Ушунун өзү студенттерди университеттин жетекчилиги уюштуруп, мугалимдерди үгүт иштерине катышууга жумшаганын далилдеп жатпайбы. Эми болсо, Кудайберди Кожобеков суудан кургак чыгып, кайра ректорлук кызматына дайындалып, министрлер кабинетинин башчысынын чечими жокко чыгарылып отурат. Юридикалык тил менен айтканда, бул төмөнкүнү билдирет: министрлер кабинетинин төрагасынын чечими башында эле туура эмес чыгарылган, ошон үчүн ал күчүн жоготту. Андай болсо, Акылбек Жапаров ректорго алы жетпеген мындай тыртаңдаган чечимге эмнеге кол коёт? Ушундан кийин бийликти ким сыйлайт?
Шайлоо жараянында иштен алынган Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкуловго чыккан буйрук да анда туура эмес, анын да кызмат орду калыбына келтирилиши керекпи? Ушундай түшүнүксүз чечимдерден кийин “Кудайберди Кожобеков ректорлук кызматын кайра сатып алганбы?” деген да шектенүүлөр пайда болду. Мындай кыңыр иштер болуп эле жүрбөйбү... Иштен алынган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун кызматынын калыбына келтирилиши президенттин шайлоону таза өткөрүү жөнүндө жарлыгына да көлөкө түшүрүп жатканын коомчулуктун эсине сала кетели.
"Азия Ньюс" гезити