Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабатсыз талапкерлер, көчүрүлгөн программалар

Сабатсыз талапкерлер, көчүрүлгөн программалар

16-ноябрь, 13:07
1 525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйылкы шайлоо мурдагылардан өзгөчө кырдаалда өтүп жатат. Мурда бийликтин талапкерин, же бийлик партиясын өткөрүш үчүн административдик ресурс кеңири колдонулуп, Бермет Акаевага окшогон эркеталтаңдар Роза Отунбаевага окшогон сайгүлүк саясатчыларды чаңында калтырып, бийликтин кол баласы болгон “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” сыяктуу партиялар “Ата Мекен”, КСДП, “Ар-намыс” сындуу көп жылдык тарыхы бар, эл колдогон партияларды тебелеп кетчү эмес беле? Эми болсо абал кыйла өзгөрдү, тиги же бул талапкерге, кайсы бир партияга иштегени үчүн акимдер, ректорлор иштен алынып, катуу чаралар көрүлүп жатат. Бул жакшы. Шайлоо кайсы бир деңгээлде калыс өтөт окшойт...

Бир мандаттуу округдан шайлана турган 36 орунга 312 талапкер катталып, орто эсеп менен 1 орунга 9 талапкер ат салышып жаткан кези. Ал эми Кадамжай округунда бир орунга 18, Жети-Өгүз округунда 17, Кочкор округунда 16 талапкер тирешип жатат. Алардын баардыгы жогорку билимдүү, айрымдарынын экиден, кээ бирөөлөрүнүн үч диплому бар, бирок, аты-жөнүн ката жазышат...

Талапкерлердин программалары дээрлик окшош: экономиканы оңдойбуз; мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз; айлык, пенсия, жөлөк пулду көбөйтөбүз; коррупция менен күрөшөбүз; чек араны чечебиз... Баягы эле тарпы чыккан убадалар, талапкерден талапкерге, партиядан партияга көчүп жүргөн, көчүрүлгөн коёндой окшош программалар. Мисалы, №36 Ысык-Көл округунан талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбекович өзүнүн бакыйып түшкөн сүрөтү бар баннерине “Асыл ой, ак сөз, адал иш” деп бадырайтып жазып алыптыр. Таппасаң сыйпалап кал! Бул баягы Аскар Акаев кезинде Ала-Тоо аянтында жазылып турган учкул сөз эмеспи. Эми ага талапкер Акжолтой Тукунов ээлик кылып алыптыр. “Уялбагандан өзүң уял” деген ушул эмеспи? Мамлекет, бийлик, эл, жер жөнүндө түшүнүгү жок мындай талапкерлер четтен чыгышат. Иши кылып сабаты жоюлбаган талапкерлердин көбү аман эле болсун. Ушундай көкүрөгүн өргө айдаган талапкерлерди көрүп, бул парламент деле элди жыргатпайт го (?) деген жыйынтыкка келесиң. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер