Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Негизи эле жандүйнөм спорт менен ырга жакын”

-- Тазабек мырза, сизди кээде сахнага чыгып, ырдаганыңызды да көрүп калып жүрөбүз. Көп болдубу ырдап жүргөнүңүзгө?
-- Кичинекей кезимен эле ырдайм. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай конкурстарга катышчумун. Ырчы досторум бар эле, ошолор менен чогуу кой кайтарып, созолонто ырдап калчубуз. Негизи эле жандүйнөм ырга жакын десем болот.
-- Анда ырчы болушуңуз деле мүмкүн эле да?
-- Жок. Ырчылык мага хобби сыяктуу эле нерсе.
-- Кайсы ырчыларды жактырасыз?
-- Жаш кезде Асанкалый Керимбаевдин, Жолдошбек Мамажановдун, Чубак Сатаевдин, Бек Борбиевдин ырларын угуп, ырдачубуз. Алардын ырлары уккулуктуу дагы, мааниси да терең.
-- Ыр менен саясат бири-бирине канчалык шайкеш келет?
-- Ыр кесипке көз каранды эмес го деп ойлойм. “Саясатчымын, же башкамын” деп ырдан, же спорттон алыс болуп калган – өзүңдүн жандүйнөңдү, каалооңду чектегендикке жатат. Адам табиятынан кандай болсо, ошондой калыптанып, эмнеге жөндөмдүү болсо бүт көрсөтүшү керек. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп бекеринин айтпайт да элибиз.
"Азия Ньюс" гезити