Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Клара Сооронкулова: “Шайлоонун тынч өтүшүнө эч ким кепилдик бере албайт”

Клара Сооронкулова: “Шайлоонун тынч өтүшүнө эч ким кепилдик бере албайт”

09-сентябрь, 17:19
1 646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Клара айым, парламенттик шайлоого аттанасызбы? Партия мененби же бир мандаттуу округданбы?

-- Парламенттик шайлоого сөзсүз барабыз. Азырынча “Ата Мекен” партиясы менен биригип баруу жагы сүйлөшүлүп жатат. “Бир чечимге келдик” деп айтуу азырынча эрте. Ошол эле учурда бир мандаттууга катышпайбыз. Муну так-кесе айта алам. Анткени, бир мандаттууга капчыктуулар барары баарыбызга маалым. Биздин партия капчыктуулардан эмес. Катардагы эле элдин кызыкчылыгын ойлогон патриоттук сезимдери күчтүү карапайым элдерден куралган. Байлар менен атаандаша албайбыз. 

-- Ар бир шайлоо тынч өтпөй калган, бу жолу тынч өтөрүнө кепилдик барбы?

-- Деги эле бизде шайлоо тынч өтчү эмес. Аралаш системанын түбүндө конфликт жарата турган факторлор көп. Анын баарын айтып отуруунун кажети жок. Шайлоонун тынч өтөрүнө эч ким кепилдик бере албайт. Бир Кудай өзү билет. Бирок, Кыргызстандын катардагы жараны катары чын дилимден каалайт элем, шайлоонун тынч өтүшүн. Шайлоочулар көчөгө чыкпай, тополоң кылбай, добуштарын уурдатып ийип нааразы болбой, баары шайма-шай, жайма-жай болсо экен.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер