Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: «Улуттук банкты депутаттар көзөмөлдөшсө, бир жылда ашмалтайын чыгарышат»

Бакыт Бакетаев: «Улуттук банкты депутаттар көзөмөлдөшсө, бир жылда ашмалтайын чыгарышат»

23-сентябрь, 11:38
1 442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Депутат Саматбек Ибраев «Садыр Жапаров депутаттар менен болгон акыркы жолугушууда азыркы, 6-чакырылышты «легендарлуу» деп атаган» деди. Бул парламент ушул атка татыктуубу? 

-- Тарыхта биздин биринчи парламентке «легендарлуу» деген ат берилген. Башкаларга бере албайбыз. «Легендарлуу парламенттин» атын булгабаш керек. Туура эмес айтылган кеп. Башка ат жокпу? Булар эң көп иштеген Жогорку Кеңеш катары тарыхта калды. Ушул жагынан алганда, чынында эле азыркы парламенттин айырмачылыгы бар. Анткени арасында элдин маанайын көтөрүп тургандары арбын. Буларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «чимкирик парламент» деген атты койгон. Ошол жармашты да калды. 

-- Депутат Улуттук банкка багытталган «Каржылык технологиялар» мыйзамын колдоого үндөп келет, мунун канчалык зарылчылыгы бар?

-- Менин пикиримде, Саматбек Ибраев туура эмес сунуш киргизип жатат. Улуттук банк Кытайдан башка баардык мамлекеттерде өзүнчө саясат алып барат. Биздин сом канча жылдан бери туруктуулугун кармап келет. 90-жылдардан бери карсак, КМШ мамлекеттер арасында сом туруктуулугу боюнча биринчи орунда турат. Бул Улуттук банктын өз алдынча мыйзам менен иштегенинин себеби. Саясатка аралашпай, өзүнүн валюталык жашоосу менен жашайт. Эгер депутаттар көзөмөлдөй турган болсо, Улуттук банктын ашмалтайы чыгып, бир жылдын ичинде сомубузду оңкосунун түшүрөт. Ошондой болсо дагы Улуттук банктын бир кемчилиги бар: коммерциялык банктардын ачылышы үчүн татаал тосмолорду коюп койгондуктан, жаңы банктар ачылбай, атаандаштык жок, элге берилген насыянын пайызы асманды чапчыйт. Улуттук банк ушул саясатты карап чыкпаса болбойт, банкирлер элдин мойнуна минип алышты. Канчалаган инвесторлор келишип, банк ача албай кетишет. Акыркы он жылда болгону үч банк ачылды. Жылына бир эле банк ачылса дагы мамлекетке инвестиция да. Жаңы коммерциялык банк ачуу үчүн 1 миллион доллар бериш керек экен. Банктар көбөйсө пайыздардын көлөмү азаят. Улуттук банк болсо буга жол бербей келет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер