Акыркы кабарлар
» Коом » Вирус апааты уланып, 2 адам көз жумду
Вирус апааты уланып, 2 адам көз жумду
07-декабрь, 11:50

7-декабрга карата Кыргызстанда 63 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Бейтаптардан экөө көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.
Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 миң 712 адам катталды. Алардын 2762си каза болду.
Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 7-декабрга карата 2 миллион 615 миңден көбүрөөк адам эмдөөдөн өттү. Алардын 916 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.
Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандар 267 миңге жакындап баратат. Алардын 5 миллион 270 миңден көбү жашоо менен кош айтышты.