Аскар Сыдыков: “Көп учурда мыйзамдар, чечимдер ишкерлерди канааттандырбайт”

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.
-- Аскар мырза, бүгүнкү ишкердикти артка тарткан тоскоолдуктар кайсылар? Кандай себептерди айта аласыз?
-- Ишкердик чөйрөдө мурункудай эле, биринчиден, мыйзамдын иштебегендиги, мамлекеттик органдарда, соттордо ж.б. кырдаалдарда укуктарын коргой албай жүрүшөт. Ушул сыяктуу учурларда мыйзам бирдей жана кынтыксыз аткарылбай калат. Экинчиден, жаңы чыгарыла турган мыйзам долбоорлору, жергиликтүү, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер көп учурларда ишкерлердин позициясын, добушун кабыл албай келет. Айрым ушул сыяктуу чечимдер ишкерлерге терс таасирин тийгизген учурлар дагы жок эмес. Демек, жакшы мыйзам болсо дагы аткарылбай, мындай абал аларды канааттандырбайт. Үчүнчүдөн, инфраструктура маселеси бар. Кээ бир аймактарга электр энергия, кубаттуулуктар жетишпей, ишканалар иштей албай, өздөрүнүн имараттарын сала албай, тийиштүү жер тилкесин алалбай жүргөн кездер да көп. Төртүнчүдөн, каржы маселеси өзгөчө аймактарда орчундуу болуп саналат. Айрыкча бизнесин жаңы баштап келе жаткан ишкерлер ылдыйлатылган пайыздар менен насыяларды алалбай, же болбосо, башка каржы булактарын табалбай, өз иштеринен аксап келишет. Насыядан тышкары дагы венчурдук каржылоо, стартаптарды каржылоо дегендер бар. Андан сырткары, бюрократиялык дагы майда-чүйдө бир катар мүчүлүштүктөр, тоскоолдуктар кездешет. Ишкерлер айрым кагаздарды, мисалы, макулдашууларды, лицензия, уруксат кагаздарын күтүп, иштерин баштай албай, же уланта албай жүргөндөрүнө көп күбө болобуз. Жалпы экономикалык саясый кырдаал, кадрлардын жетишпегендиги көп учурда ар кандай адистиктерде иштей турган квалификациялуу кадрларды таба албай жүрүшөт. Мыкты кадрлар жетишпегендиктен да иштери токтоп калган учурлар арбын. Ушул сыяктуу мүчүлүштүктөрдү жеңе албай келебиз. Мунун баары бүгүнкү учурдагы ишкердикке болгон тоскоолдуктар болуп саналат.
"Азия Ньюс" гезити