Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Агартуучу Орхан Инандыны түрк бийлигине салып берүү – акылга сыйбайт!

Агартуучу Орхан Инандыны түрк бийлигине салып берүү – акылга сыйбайт!

12-июль, 15:42
1 581 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Отуз жылга жакын убакыттан бери Орхан Инанды Кыргызстанда агартуучулук ишмердигин аркалап, “Себат”, “Ала-Тоо” окуу жайларын түптөп, он миңдеген жаш муундарды уядан учуруп келген. Жогорку деңгээлде билим бергени белгилүү эле. Тилекке каршы, өтө өкүнүчтүү ишке күбө болдук.

Ал эми Эрдогандын “Фето” уюмуна каршылашканы, гүленчилер менен саясый алкакта тирешкени өзүнүн ички иши эмеспи? Түрк бийлиги беш жылдан бери Орхан Инандыны сурап, ала албай келген. Атамбаев, кийин Жээнбеков да агартуучу жараныбызды салып берген эмес. Азыркы бийлик оңой-олтоң гана шарт түзүп, суук колго өткөзүп салганы тастыкталдыбы? Кимиси мындай жорукка барды? Өткөн дүйшөмбү күнү Эрдоган Орто Азиядагы эң билимдүү, гуманист Орхан Инандыны кармап келгенин, жоопко тартып атканын жар салды. Кыргыз жаранын, болгондо да элибиздин көзүн ачкан мугалимди ушунча кор кылууга кантип дитибиз барды? Мынчалык эмнеге бөжөңдөдүк? Адам алмашуу үчүн Эрдоган элибизге жакшылык кылып койдубу? Эрксизден ушундай суроо туулат эй!

Ансыз да инвесторлор келбей, өзүбүздүн ишкерлер чет өлкөгө качып аткан шартта, Орхан Инандынын уурдалып кетиши мамлекеттүүлүк үчүн чоң сокку! Осол кадам! Аттиң, кыргыздарга өмүрүн арнап, миңдеген үй-бүлөлөрдү билимге сугарып, бакытка бөлөгөн агартуучуну ушунчалык кордоп, жакшылыкка жамандык жасаганыбыз кечиримсиз! Качан эле кыргыз ушундай эле? 

Сыягы, бул иштин чуулганы далай жылдарга созулуп, оор кылмышка аралашкандар кези келгенде ачыкталары шексиз. Мамлекеттүүлүккө, жарандарыбызга да коркунуч туулду! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер