Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайыпов кыпчылса, Сааданбеков кошоматын унутуп, “акыл” айтканда

Кайыпов кыпчылса, Сааданбеков кошоматын унутуп, “акыл” айтканда

14-январь, 16:00
1 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандагы окуяларга байланыштуу пикир айтпаган кыргыз калган жок. “Эчки тууй албай жатып койго аначы болуптур” дегендей, алакандай кыргыздын көйгөйлөрүнүн баары чечилип, телегейи тегиз болуп калгансып, профессор Сулайман Кайыпов казактарга төрт тилде акыл айтып, кеңеш берди. Мындай деңгээлиндеги тарыхчылар казактын өзүндө деле жетиштүү, Кудайга шүгүр, алар биздин профессорлордон ашса ашат, асты кем калышпайт. Аныгында, С.Кайыповго окшогон аалымдардын акылына муктаж деле эмес. 

Ал го мейли, көптүн бири дейли, бу Жумагул Сааданбековго эмне жок ыя? Ал “Азаттыкка” маек куруп, Казакстандагы тополоңго байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кетирген кемчиликтерин кыйынсына айтып, сындап чыкты. “Нурсултан Назарбаев: законы лидерства” (Астана – 2005) деген китепти ушул Ж.Сааданбеков жазып, Казакстанда Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп турганда Н.Назарбаевди “улуу реформатор, стратег, дүйнөлүк масштабдагы лидер” деп мактап, китебинин презентациясын өткөрүп, “эл башына” жүгүнүп, кошомат кылып жүрбөдү беле? Эми “акылман” болуп, акыл айта баштаптыр. Ошол азыр айтып жаткан кемчиликтерди убагында кашкайта жазса, балким, Казакстанга “террористтер” кол салбай калмакпы? Алматыдагы январь окуялары болбойт беле?.. Түштөн кийин “көсөм, баатыр” боло бериштин кимге кереги бар?

А баса, Атамбаевдин бийлигинин учурунда Жумагул Сааданбеков Дипакадемиянын ректору катары иштей албай, коллектив бөлүнүп-жарылып, нааразычылык курчуп, кызматынан айдалган. Жөн жүрбөй келиндерге кол салып, жамбаш, эмчектеринен кармалап, чуу чыкканы эсиңердеби? Карыганда аксакал боло албай, акылдан азап чеккени ушулбу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер