Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Кытайдан карыз ала берүү кыйын кырдаалды жаратышы мүмкүн”
-- Чет өлкөлөрдөн өкмөттүн насыя, карыз алганына кандай карайсыз? Бул жагынан сын-пикирлер туура эле айтылып атабы?
-- Негизи дүйнө жүзүндө эң күчтүү мамлекеттердин деле сырткы карыздары толтура. Доллар чыгарган Американын сырткы карызы 4 жарым триллион долларды түзөт. Бирок, бизде бир жылдык ВВПдан чыгарган дүң продукция алтымыш пайыздан ашпаш керек (!) деген түшүнүк бар. Эгерде андан ашып кетсе, ээ боло албай калабыз. Анан өлкөлөр карызын доолап калышса, төлөй албай дефолт болуп, кыйын кырдаалга кептелишибиз мүмкүн. Ошон үчүн этияттайлы. Мисалы, Кытайга ошол эле ТЭЦ үчүн алынган 385 миллион долларды өз убагында кайрып бере албай калсак, алар мүлккө ээлик кылууга укуктуу. Мына ушундай жагдайдын айынан Тажикстан бир топ кени бар жерлерин Кытайга берүүгө аргасыз болушканы айтылып жүрөт.
Ошон үчүн карызды дагы орду менен пайдаланыш керек. Биздин мурунку жетекчилер тышкы карызды ыгы жок эле ала беришкен. Акаевдин доорунда элдерге айлык, пенсия бере албай калып, бюджетти толтуруш үчүн деле кредит ала бергени белгилүү. Өзүн өзү актабаган, элге пайда алып келбеген тармактарга салышкан. Ошон үчүн тышкы карызыбыздын суммасы өсүп кеткен да.
Түшүнөм, биздин өлкө абдан акчага муктаж. Бирок, алган каражатты дагы туура пайдаланып, анын эсебинен курулган нерсе кайра өзүн актагыдай болсо, бул боюнча маселе жаралмак эмес. Баягүнү президент Өзгөндү айланткан жол боюнча айтты. Кыргызстанда айланма жолдор абдан көп. Ошонун баарын жасаса, сонун болмок.
Азыр карыз алсак, эки-үч жылда кайра өзүн өзү актай турган тармакка салып, андан түшкөн каражат карызды жапса (!) деген саясат жүрүп жатат. Аны колдойм. Кыргызстандын рыногу кичинекей, инвестиция көп тартылбай жаткансыйт.
-- Кытай инвесторлоруна логистикалык борбор куруу боюнча жер берилгени боюнча да эл арасында түрдүү сөздөр айтылууда. Сиз буга кандай пикирдесиз?
-- Чүй боорунда логистикалык соода борбору курулганы жатат. Кечээ жакында ал жерге Манас шаарчасы салынары айтылды. Ушинтип өнүгө берсек жакшы болот эле. Бирок, жакынкы кошуналар менен иштешкенден, алардан карыз алгандан да сактануу керек.
-- Айрымдар “логистикалык борбор куруу менен эбегейсиз жерди кытайларга бергени жатат” деп коңгуроо кагып жатышат го?..
-- Биринчиден, инвестиция дегендин өзү жакшы. Кытай Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө инвестиция салып жатат. Казакстан, Россия өзгөчө Хабаровский, Владивосток жагында кытайлар орустан көбүрөөк. Америкада дагы кытайлар көп. Анткени, алардын өндүргөн арзан товарлары дүйнө элин таңгалдырууда. Товарлары өтүмдүү болгон үчүн дүйнө жүзүнүн экономикасында таасири чоңойду. Мисалы, Америкага барсаң, товарлардын баары эле Кытайдыкы. Мурда аялдардын кийимдеринин мыктысы, абдан баалуусу Францияда делчү. Американын мода кууган бийкечтери Франциядан алып кетишчү. Азыр ошол рыноктун баарын алар ээледи. Биринчиден, арзан. Экинчиден, сапаттуу. Кытайлар менен кызматташкандын келечегин убакыт көрсөтөт, бирок экономикага салымы чоң болот.
"Азия Ньюс" гезити