Гүлзар Залкарбекова: “Ырчы, аскер адамы да болдум”

Юстиция министрлигине караштуу кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскердик оркестринин нускоочу музыканты, прапорщик менен маек.
-- Гүлзар карындашым, ырчылык өнөр кайдан келатат?
-- Ырчылык өнөр мага атам жактан келген. Анткени чоң энем жамакташтырып ырдаган байбиче болгон. Өз атам быйыл 65 жашка чыкса да, комузун колунан түшүрбөй, кубулжуган үнү менен Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев, Нурак Абдрахмановдун ырларын созуп калат.
-- Эмне үчүн чыгармачылыкты чанып, аскер кызматына ооп кеттиң?
-- “Чыгармачылыкты чанып кеттим” десем ашыкча болуп калат. Чыгармачылык – менин жандүйнөмдүн руханий азыгы, көөдөнүмдө бирге жашап келет. Ал эми аскерлик жакта жүргөнүмдүн да орчундуу себеби бар. Билесизби, чоң атам аскер адамы катары Улуу Ата мекендик согуштун ардагери болгон. Кызыл Жылдыз орденин төшүнө тагып алып, башынан өткөргөн алаамат күндөрүн жомок сымал айтып берер эле. Берилип укчумун. Таасири катуу болсо керек. “Менин балдарымдын бирөө да менин жолумду жолдоп аскер адамы болбой калды” деп айтып калчу. Ошол балалык кезде “кантип аскердик жак менен ырчылык өнөрдү айкалыштырып алып кете алам?” деп көп ойлончумун. Көрсө, жолдору бар экен. Аскердик оркестр бар экенин кийин билип, көздөгөн максатыма жетүү үчүн аракетимдин акыбети кайтты. Ырчы да, аскер адамы да болдум.
-- Ырдагандан сырткары ыр саптарын да жаза коёсуң. Кайсы тематика сага жакын?
-- Сезимтал адамга айла жок экен. Кадимки эле турмушта болуп аткан кубулуштар, окуялар жүрөгүмдүн кылдарын дирилдетет. Кээде жашоодо кыйналган адамды көрүп калсам, назарым түшүп калса эле көз ачып-жумгуча эргүү келип, шурудай тизилген ыр саптарын кагаз бетине түшүргүчө шашам. Ушу кезге чейинкиси бир китептен ашса керек. Ошолорду ыр жыйнак кылып чыгаруу алдыдагы максаттарымдын бири, мүмкүн убакыт-сааты чыкпай жаткандыр...
-- А балдарыңдан сени тартканы барбы?
-- Чыгармачылыкка ыктаганы азырынча билинбейт. Бирок, антейин десем балдарым менин чыгармачылыгымды жактырышат, колдошот. Ошол эле учурда менин сынчыларым да балдарым. “Бул ыр сизге жарашат. Жакшы ырдадыңыз” дешет. Бир да жолу “апа, ырдабай эле коюңузчу” деген сөздөрүн уккан эмесмин. Акыркы кезде улуу балам Бексултандан жагымдуу нерсени байкап жүрөм. Комузумду ала коюп, мен черткенди кайталамыш этип, аракет кылып калат. Мүмкүн кийинчерээк кызыгуусу күч болуп, чыгармачылык жакка ыктап кетсе, анысын болушунча кубаттамакмын.
Бак ичинде күзгү салкын кеч кирди,
Эстеп өттүм бир кездеги мезгилди.
Мырза терек жалбырагы саргайган,
Жаркыган жаз ана эми эскирди.
Саргайыңкы жалбыракты тепселеп,
Берекелүү күз экени эстелик.
Ошондогу ак жоолукчан апаны,
Көргөн элем жаш уланды жетелеп.
Сылтый басып жөлөнгөнсүп апага,
Баштан сылап аягансып апа да.
Жоодураган көздөр менен суктанып,
Табиятка турган эле жаш бала.
Колунда бар кармап алган калеми,
Ал чиймелеп бир тактага чиймени.
Жандуу турган мемиреген табият,
Ал баланын тактасына сүрөт болуп чийилди.
Табиятка болуп бала санаалаш,
Бир кыялын орундатып бала жаш.
Этек-жеңин желбиреткен энесин,
Табиятка тартты бала аралаш.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити