Кайрат Итибаев: “Азык-түлүк акыркы 4-5 айда 20%дай кымбаттады”

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн жарым жыл аралыгында дээрлик баардык азык-түлүктүн баасы жалпысынан 6,4 пайызга кымбаттаган. Мисалы, картошка, чеснок эки эсе көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле ун 13,5 пайызга, макарон 11,5 пайызга, шекер 8,4 пайыз, өсүмдүк майы 4,7 пайыз, сүт азыктары 3,2 пайыз, нан 3,2 пайызга кымбаттаган. Бул көрсөткүчтөр жарым жылдыкы. Ал эми акыркы үч айда дагы да баалар өзгөрүүдө. Биз бул боюнча эксперт Кайрат Итибаевдин оюн уктук.
-- Кайрат мырза, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы тынбай көтөрүлүп жатат. Себеби эмнеде?
-- Бул кымбаттоонун жакшы жагы – азыктар экспортко көп кетип жатат. Биздин ички маркетке аз эле санда калганы маалым. Жакшы сорттогу жемиштер, жашылчалар экспорттолууда. Экинчиден, доллардын курсу көтөрүлүп, күнүмдүк керектөөчү азыктар, өндүрүү факторлору кымбаттоодо. Мисалы, кийим-кечени алсак, кездемелер көбүнчө Түркия менен Кытайдан келчү. Доллар кымбаттаган сайын алардын да баасы көтөрүлүп, тигип даярдалганы менен кымбатка түшүп калып жатат. Үчүнчү себеп, эл мурдагыга салыштырмалуу акчаларын сарамжалдап, тамак-ашка жана дары-дармекке гана коротуп калышты. Бул кандайдыр бир паника эмес, бирок азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүнө түрткү болду (!) десек болот. Көпчүлүк адамдар жумушун жоготуп, айлык маяналары азайып, кымбатчылыкты жонтерилери менен сезгени байкалууда. Жаз айларынан бери эле кымбаттоо уланууда. Акыркы 4-5 айда 20%дай кымбаттады.
-- Бышыкчылык айы болгон күз мезгили өтсө, кыш, жаз айлары кандай болоор экен?
-- Менин жеке анализим боюнча 2021-жылдын жаз айларына карата азык-түлүк дагы 15-20% кымбаттайт. Пандемиянын экинчи толкуну болсо, тилекке каршы, кымбатчылык күтүлөт.
-- “Кытайды келерки жылы ачарчылык каптайт” деген да маалыматтар чыгып кетти...
-- Бул жалган маалымат го. Кытай дүйнө жүзүндөгү өндүрүшү күчтүү биринчи өлкө. Бүгүнкү күндө экспорт жөндөмдүүлүгү, кудурети жагынан алдыга кетти. Азыркы күндөрү Америка менен тил табышып кетсе эле аларда ойдогудай болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити