Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен курбумдун чыккынчылыгына кандай жооп узатам?

Күйөөм менен курбумдун чыккынчылыгына кандай жооп узатам?

29-январь, 19:04
4 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убакта күйөөмдүн жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын байкап жүргөм. Ал мурдагыдай ачык болбой, кээде сүйлөшүүдөн качкандай сезиле берчү. Бирок бүгүнкү окуя мен үчүн таптакыр күтүүсүз эле.

Кечинде капыстан жакын курбум келип калды. Экөө тең менин жанымда анча сүйлөшпөй, бирок сыртка чыгып баратсам күлүшүп, шыбырашып калгандарын байкап калдым. Эшикти ачып кирсем эле экөө тең “жым” болушуп, сүйлөгөн сөздөрүн улантпай токтоп калышты. Дароо экөө соо эмес экенин сездим. Кийинчерээк күйөөм ал курбу кызыма вотсаптан жазып жатканын байкап калдым. Бирок аны сыр алдырбай билмексенге салдым. Ичимден буулугуп, жүрөгүм ооруп чыкты.

Башка адамдардан мындай нерсени күтсөм да, бирок жакын адамдарыңдан чыккынчылыкты ойлобойт экенсиң. Азыр эмне кыларымды билбей турам. Күйөөмө жана курбума болгон ишенимим өчүп, жалгызсырап калдым. Бул окуя менин жашоомдогу эң оор сыноолордун бири болуп турат.


Мираида  

"Азия ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер