Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус менен ооруган атасы кислородун уулуна берип, өзү каза болду

Коронавирус менен ооруган атасы кислородун уулуна берип, өзү каза болду

19-ноябрь, 13:33
1 150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинада коронавирус менен ооруп жаткан жаран өзү кыйналып турса дагы COVID-19 менен ооруган баласына кислородун берип, өзү каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү ыктыярчы Дана Яровая өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Менин таанышымдын атасы менен баласы коронавирус менен ооруп ооруканага жатыптыр. Киев шаарындагы ооруканаларда COVID-19 менен ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Мындан улам катуу ооруп жаткан бейтаптарга күнүнө 15 мүнөт кычкылтек менен дем алууга уруксат берилет. Атасы баласынын кыйналбашы үчүн өзүнүн 15 мүнөттүк кычкылтек менен дем алуусун баласына берип каза болду.

Эми атасынын 15 мүнөттүк дем алуусун уулуна берип жатабы билбейм", - деп жазган ал.

Украинада коронавирус инфекциясы тездик менен көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө жалпы 586 миң 522 адамдан коронавирус аныкталды. 10 миң 431 адам каза болсо, 270 миң 269 бейтап илдеттен сакайган.


“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер