Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Менчик бала бакчадан бир жашар наристе чарчап калды

Менчик бала бакчадан бир жашар наристе чарчап калды

10-декабрь, 17:22
1 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан бир нече күн мурун, 6-декабрда Казакстандын Актау шаарында бир жашар бала жеке менчик бала бакчада көз жумду. 

Бир жашар бөбөк бала бакчага биринчи ирет келген. Ошол күнү эле бала бакчадан көз жумду. Бакчадагы тарбиячынын сөзүнө таянсак, бала уктап жатып, ошондон кийин көзүн ачкан эмес. Анын айтымында төшөктө жатып, уктаган боюнча көгөрүп калганын көргөн.

Чарчап калган бала Актау шаарында жашаган беш балалуу жаш үй-бүлөнүн эң кенжеси болгон. 

Бакчанын тарбиячысынын айтымында бала керелди кечке ыйлап, ошол боюнча уктап калган. Бир убакта тарбиячы баланын көгөрүп калганын көрүп, тез жардам чакырганы айтылат.

Дарыгерлер келген кезде бала эчак эле көз жумган экен.

Куландан соо баласынын уктап жатып, чарчап калганына ишенбеген ата-энеси дарыгерлерден бөбөктүн жанын аман сактап калышын суранышкан. Бирок баары кеч болуп калганын билдиришти дарыгерлер. 

Бөбөктүн денесинде зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Кийинчерек аныкталгандай, чарчап калган балада кандайдыр бир оорунун да белгиси жок болгон. Учурда  баланын сөөгү медициналык экспертизага берилди. Анын жыйынтыгы бир айдан кийин гана белгилүү болот.

Мындан бир нече ай мурда да Актауда ушундай жеке менчик бала бакчада наристе чарчап калганы айтылат. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер