Тилектерге теңелген Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаевдин ээнбаштыгы

“Кыргызстан” партиясы арзыбаган техникалык катачылыктарды кетирди. Баарыбыз күбө болдук. Партиянын ишенимдүү өкүлү ооруп калганына байланыштуу тил кат жазып берип, ордуна башка бирөөнү жөнөтүптүр. Негизги кине ушул болууда. Бул орой ката эмес. Айрым документтери жетишсиз болсо, мыйзамда көрсөтүлгөндөй 48 саатта толуктаганга үлгүрөт. “Кыргызстандын” өкүлү 24-августта 18:00гө чейин келгени видеокамерадан көрүнгөнүн байкадык.
Аныгында, аталган партияга эскертүү берсе гана эп болмок. Негизи БШКнын каттабай койгонго башка көрүнүштөр себеп экен. Атаандаш партиялардын басымы, активисттердин чуулганы, ж.б. Кызык, көнүп алган көчө “ээн ооздору” эртең кынык алышып, болбогон нерседен жаңжал чыгара беришсе кантебиз? Бийлик популисттерден, ээнбаш саясый күчтөрдөн айбыгып, коркуп кетип эле артка чегине берсе кандай? “Жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым” дегендей, партия лидерлери Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаевдин чектен чыкканы байкалды. Активисттерге, “чала чүчөк” сымал тилектерге теңелген бул экөөнүн басымы одоно учурады! Эмне үчүн бийлик көчө балдарындай “баскынчыларга” мыйзамдуу алкакта чара көрбөйт?..
Анүстүнө “Макалё-Маяне”, “Сексалю” да ушул партияда экен да. Коомчулукка Кудай берип, “шымы булгангандарды” тазаларга аралаштыра согуп калышпадыбы...
"Азия Ньюс" гезити