Касмамбетов катырчу эле, Иманкуловдун идеологиясы кана?


Опулдаган Марат Иманкулов деген чиновникти тааныйсыздар да. Азыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы деген бакандай кызматты минип отурат. Бирок, эмне иштерди кыйратып, кандай идеологияны ишке ашырып, не ачылыштардын үстүндө иштеп жаткандыгынан кабарыбыз жок. Мамлекеттин идеологиясын көтөрө турган жооптуу кызматка «алтын балыктын» образындагы ушундай кишини койгондо бир эсе таңгалганбыз. Бул эргулга салыштырмалуу Сүйүнбек Касмамбетов эл астында кадырлуу, төөлүк өйдө эмес беле, туурабы? Баса, Иманкулов кызматсыз жүргөндө маек берип, гезит-сайттарга чыгып калчу эле, азыр дайын-дарексиз! «Торпоктун чуркаганы саманканага чейин» дегендей эле биздин чоңдордун түпкү максаты өзгөрүлмө тура. Бийликти сындап чыга калышат дагы, кызмат берип койсо болду, «катыным дүлөй – жаным тынч» дегендей бейкапар жашоого сүңгүп киришип, жок болуп кетишет…
"Азия Ньюс" гезити











