Адахан Мадумаров №1 лидер! Түндүктөн кимдер таяныч?..
Учурда Адахан Мадумаров бийликке №1 оппозиционер болуп, саясый рейтинги каймактап турган чагы. Мындайча айтканда, ага тең келе турган өткүр, жүрөктүү лидер жок. Көпчүлүгү кызмат үмүт кылышып, же парламенттик шайлоодо “соодалашып” өтүп алууну көздөшсө, кай бири соттук процесстерин бүтүрүү амалында тымпыйып отурушат.
Оппозициялык талаа бош калганы, жалгыз Мадумаров чыгып атканы ырас, асыресе, калың катмарды копшолтуп, үмүт жаратууда. Эгерде түндүктөн Өмүрбек Суваналиев, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу лөктөр Адахан Мадумаров менен тандемге, же саясый келишимдерге барышса, кырдаалды кескин түрдө өзгөртүп жиберишет. Себеби, аркалык берки аткаминерлер оор сыноолордон өткөн, күрөшчүл “чар баштар” экени талашсыз. Алар из салышат... Дагы бир кызыгы, бийликти жек көргөн жергиликтүү атамандар, ветеран интеллигенттер, патриот жаштардан бери “Бүтүн Кыргызстандын” соңку позициясын колдошуп, лидерине жолугууга ниет кылышканын байкадык. Иш жүзүндө Мадумаров кыйынсынбай эл менен иштөөгө дипломаттык тажрыйбасын көрсөтсө, демек, түндүк катмарды да өзүнө буруп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул жагын тез арада ишке ашыруу кажет. Ошондо реалдуу коркунучтарды бийликке жасай баштайт...
Aryba.kg