Аялын сабап, зордуктаган күйөө үй камагына чыгарылды


Мурунку күйөөсүнөн кордук жеген аял укук коргоо органдарына арызданып, кордогон күйөө камакка алынган эле.
5-октябрда милицияга 27 жаштагы А.К. кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, анын мурунку күйөөсү Т.Т. мас абалда аны сабап жана зордуктаган. Мурунку күйөөсү уктап калганда ал качып кеткен. Кийин шектүү кармалып, камакка алынган, бирок бир айдан кийин Кемин райондук соту Т.Т.нын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып койду.
Чүй облустук прокуратурасы мурунку аялын сабап жана зордуктаганга шектүү жарандын үй камагына чыгарылгандыгы боюнча даттануу жиберди.
Камакка байланышпаган баш коргоо чарасын өзгөртүү - негизсиз жана мыйзамсыз. Т.Т.га колдонулган беренеде камакка алуу каралган.
Учурда мурунку аялын сабап, зордуктаган жаран үй камагына чыгарылды.











