Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч эркектен зордукталган аял сотто аларды кечирди

Үч эркектен зордукталган аял сотто аларды кечирди

29-ноябрь, 13:10
1 662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Талас облусунун Талас райондук соту 11-майда болгон зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, чечим чыгарды.

Адыл Дамир жана 40 жаштагы Кымбат  аттуу келин, 1991-жылы туулган Жылдызбек2019-жылдын 11-майында Талас районундагы айылдардын биринде жолугушкан. Алар каналдын жээгинде жайгашкан сарайда спирт ичимдигин ичип отуруп, Адыл менен Дамир өздөрүнүн жыныстык кумарын кандырууну көздөшкөн. Жабырлануучу Кымбат аттуу келинди сарайдагы турак үйдө кезектешип зордуктаганы айтылат. 

Жабырлануучунун айтымында, 2019-жылдын 10-майы күнү Талас районунун айылдарынын биринде жашаган таанышы Жылдызбекке телефон чалып, экөө базардан жолугуп, бир литр арак, майда-чүйдө азык-түлүк алып, такси менен Жылдызбек жашап жаткан сарайга барышкан. Ал жерден базардан алган спирт ичимдигин ичишип, экөө өз көңүлү менен бир жолу жыныстык катнашта болушкан. Эртеси, 11-майда болжол менен саат 10:00 чамасында Жылдызбек тааныштарына телефон чалып: «Арак алып келгиле» деп чакырган. 

«Адыл менен Дамир эки бөтөлкө арак ала келишиптир. Аны төртөөбүз отуруп ичтик. Болжол менен саат 16:00 чамасында телефонумду алайын деп үйгө кирдим. Артымдан Адыл кирип келип, "экөөбүз бололук" деп колумду артка кайрып, күч менен ич кийимимди чечип, төшүмдөн өпкүлөдү. Андан кийин 5 мүнөткө жакын жыныстык катнашта болду. Адыл туруп кеткенден кийин мен мас болгондуктан уктап кетиптирмин», - деди жабырлануучу.

Кымбат андан ары сөзүн улап,
 андан кийин Дамир келип, жанына жатып, эркелетип, кучактап, жакшы мамиле кылгандыктан өз көңүлү менен жыныстык катнашта бир жолу болгонун айтты. Ортодон жыйырма мүнөт өткөндөн кийин Адыл кирип, кайрадан күчкө салып жыныстык катнашта болуп, сыртка чыгып кеткенин билдирди.

«Кийинип, сыртка чыксам Жылдызбек туруптур. Аны көрүп эле "сенин өкүл атаң мени зордуктап салды. Үстүнөн арыз жазам, үйгө жеткир" деп кыйкырып уруштум. Андан кийин милицияга телефон чалдым. Жылдызбек жолдон унаа тосуп, мени салып жиберди», - деди ал.

Жабырлануучу Кымбат соттук отурумда айыпталуучу Дамир экөө өз көңүлү менен жыныстык катнашта болгонун, ал зордуктабаганын, жигити Жылдызбектен уялгандыктан жана мастыгынан ачуусу келип, арыз жазганын айтты. Дамирге карата эч кандай доосу жоктугун айтып, актап берүүнү суранды. Ал эми айыпталуучу Адылды кечиргенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сурады.

Жыйынтыгында сот тарабынан Кымбаттын кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчү канааттандырылып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмү менен айыпталган Адыл Жазык кодексинин 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду. Бөгөт коюу чарасы катары тандалган камак түрү өзгөртүлүп, үй камак түрү тандалды. Бирок токтом мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бөгөт коюу чарасы катары тандалган үй камак түрү алынмай болду.
 

Aryba.kg 
 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер