Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан мырза, мага токолдук буюрбады, үчүнчү жубай кылып аласызбы?

Нурлан мырза, мага токолдук буюрбады, үчүнчү жубай кылып аласызбы?

15-март, 19:30
13 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Спикер Нурланбек Шакиевге!)           

Сиз депутат болгондон бери мага жагып калгансыз. Тоголок баш, чала таз, моймол көз, кара тору жүз жана “жүн тиштеген сербең мурут”... Тамаша! Сүйүктүү адамга тийишип, кичине эркелеп койсок ашыктык кылбас. Сизге ачык кат жазбайт элем. Бирок, арзуумду билдирүүгө жазуучу Бекен Назаралиевдин сын-пикири себепчи болду. Мен макаланы окуп чыгып, Нурлан Шакиевдин токолу бар экенине таңгалдым. Бир чети өкүндүм. Менин ордумду башка бирөө эчак эле ээлеп алган тура. Эми эмне кылам? Бир жылдан ашык убакыттан бери жактырып жүрсөм, жолугууга жол издесем, анан акыры үстүмө суу куйгандай абалда калсам, кантем? Кайра ойлоном. “Токол алган адам үчүнчү айымга деле шайы келсе керек...” деп. Азыркы заманда кыз-келиндер сезимин билдирип калбадыбы. Эми токолдук буюрбаса, үчүнчү жубай болууну кыялданып жатам. Мен үчүн жолугушуу кыйын деле эмес. Парламентте курбу кызым иштейт. Ал жакка көп барам. Көрүшүүгө өтө ынтызармын. Таанышсак эле мени сүйүп калмаксыз. Себептери көп. Өзүмө ишенгендиктен жазып жатам.


Мээрим, 29 жашта 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер