Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Банктар жарандардын эсебинен байыбасын да...”

Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Банктар жарандардын эсебинен байыбасын да...”

21-май, 09:00
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек мырза, сиз дыйкандарга берилип жаткан кредиттердин пайызы боюнча олуттуу маселе көтөрдүңүз. Чын эле алардын пайызы өтө эле жогору эмеспи?

-Биз чет өлкөлүк банктардан алып жаткан 0,5-1 пайыздык кредиттердин баарын тең үстүнө минималдуу үстөгүн кошуп, анан жарандарга беришибиз керек. Менин көз карашымда, биздин банктар тарабынан берилип жаткан кредиттер мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынууга тийиш. Алар азыр өздөрүнүн ички чыгымдарын эсептеп, аны элдин мойнуна жүктөп эле бирип атышат. Пайызды ылдыйлаткандан тышкары, эң маанилүүсү, биз ал кредиттерди жалпыга жеткиликтүү кылышыбыз зарыл. Башкача айтканда, олчойгон күрөө кой, кредитти эмне менен жабасың, көрсөт, далилде деген шарттар жеңилдетилиши керек. Ошондо элге жеткиликтүү болот. 

-- Банктар дыйкандардын эсебинен пайда таппашы керек дейсизби?

-Банктар Кыргызстандын жарандарынын эсебинен байыбышы керек. Ырас, алар өз ишин жүргүзүүгө тийиш. Бирок, мамлекет чет элден алынган арзан кредиттерди банктарга берип, иштеткиле деп аткандан кийин банктар да элге ошого жараша мамиле кылганы оң. 

-- Биздеги мыйзамдар банктардын ишин ошентип жөнгө салганга жол береби?

-Менин жеке оюм, эгер андай мыйзам жок болсо, биз кабыл алып берип, жөнгө салуу боюнча шарттарды түзүшүбүз абзел. Дагы бир нерсе, мамлекеттик банктар менен башка банктардын айырмасы 3-5 пайызга чейин чыгып кетет. Мынчалык айырма болбошу керек деп эсептейм. Себеби, экөөнүн операциялык чыгымдары бирдей эле.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер