Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев түрмөдө жатып алып, бийликке коркунуч жаратууда

Атамбаев түрмөдө жатып алып, бийликке коркунуч жаратууда

12-декабрь, 11:48
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый кырдаалдын оорлошуна, элдин бөлүнүшүнө Алмазбек Атамбаев жол салып кетти. Ал бүгүн түрмөдө жатса да, мурдатан коомчулукту козгоо амалындагы “бомбаларды” жаратып кетиптир. Учурдагы көйгөйлөрдүн көпчүлүгү “эски жаранын” ырбаганынан чыгууда...

Ошол эле Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы эки анжы ойду жаратып, эл арасында нааразычылыкты баштоодо. Атамбаевдин пиарщиктери ЖМКлардан, соцтармактардан активдүү иштешип, анын “саясый куугунтукка” алынганын элге сиңиришип, кыйын кырдаалга кептеп баратканы байкалууда. Эл ичинде “Атамбаевди жөн эле камап койду” деген пикир басымдуу болуп атканы жалганбы? Иш жүзүндө Акүйдүн саясый технологдору начар иштегендиктен, маалымат күрөшүндө профессионалдардын жоктугунан, бир жагынан өкмөттүн чабалдыгы, кадр саясатынын оңолбогону көп суроолорду жаратууда. Негизи оппозиция болуп сындап, упай алуу оңой. Мындай шартта убакыттын өтүшү менен тараза ташы Атамбаев тарапка оой бере турганы шексиз. Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн көбөйүшү менен саясый чыңалуулар жаралат. Ортодон бийликке каршы, оппозициялык маанайдагы күчтөр да биригиши мүмкүн. Мындай шартта караңгыдан көз тапкандай өзгөрүүлөргө баруу шарт. Баардык күчтөр элдин маанайына ээлик кылууга, өзгөртүүгө жанталашып келишет...


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер