Артур Медетбеков, генерал: “Гумандуу көз карашты кармангандар өлүм жазасына каршы чыгышууда”


-- Артур Капарович, “эки адамды бычактап өлтүрдү” делген адам качып баратып, укук коргоо органдарынын огунан мерт болду. Бул жагдай коомчулукта түрдүү божомолду күчөттү. Мындай иштерди жакшы билген адам катары бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
-- Ачыгын айтканда, ушуга окшогон көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Эсиңиздерге сала кетейин, 2010-жылдын аягында Жумабек Зикирбаев деген мурда ИИМде иштеп, кийин бандиттик топторго кошулуп кетип, экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулун өлтүргөнгө шектүү катары кармалып, сот иштери жүрүп жатканда качканга аракет жасап, ал дагы атып өлтүрүлгөн. Өкүнүчтүүсү, ошондой жагдай дагы кайталанды.
Негизи тергөө ишинде тергөөнүн эксперименти деген түшүнүк бар. Тергөөнүн эксперименти жасалганда көптөгөн процедуралар жүргүзүлүп, кылмышкер далилдүү фактыларды көрсөтөт. Эки бир туугандын өмүрүн алган адам так ошондой фактыларды айтып берем деп, кылмыш кылган үйгө укук коргоо органдары менен барып, андан соң качам деп каза тапты. Ал боюнча ар ким түрдүү божомолдорду айтууда. Чынында кээ бир шектүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш кылган жерине алып барып, “акча, бычактарды каткан жеримди көрсөтөм” деп качкандын аракетин көрүшөт. Бу сапар дагы ошондой болуп калды окшойт. Эми кантсе дагы ИИМдин аны коштоп барган кызматкерлерине, тергөөчүлөргө дагы кызматтык териштирүү болушу керек. “Кылмышкер качып баратканда курал колдонуунун эрежелери сакталдыбы? Ал учур видеого тартылдыбы?” деген маселелер боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталып калышы мүмкүн.
“Эки адамды өлтүргөн адам ал үйгө акча доолап бардыбы же кандайдыр бир топтордун тапшырмасын аткарууну көздөгөнбү?” деген ойлор бүдөмүк бойдон калды. Мына ошон үчүн дагы коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Аныгын билүү үчүн дагы көп тергөө иштери болушу керек эле. Тилекке каршы, ага жетпей минтип качып бараткан жеринен каза тапты. Коомчулук эмнеге тирүү кармабай өлүп калганы боюнча айтышып, тыянакты күтүшүүдө.
Анткен менен биздин коомчулукта мыкаачылыкка, жат көрүнүштөргө кайдыгер карабагандар да көп. Социалдык тармактарда ар ким өз пикирлерин жазышып, аныгын билишпесе дагы ойлорун айтышууда. Алдыдагы тергөө иштеринде дагы иликтене турган жагдайлар бар. Ошону баарыбыз сабыр кылып, чыдап күтүшүбүз керек.
-- Айтканыңызга ынаналы, бирок укук коргоо органдарынын огунан мерт болгон шектүү видеого түшүп калган адамга окшош эмеспи? Ушул боюнча да ойлор айтылып жатат го?..
-- Туура, “бул жигит видеого түшүп калган адам болбой калышы мүмкүн” деген ойду кармангандар да бар. Эгер андай болсо, биринчиден, ал жигит кылмышты мойнуна алмак эмес. Тергөө экспериментине барбай коймок. Ошондой эле качпайт болчу. Жакынкы күндөрү божомол суроолорго жооп табылат деген ойдомун.
-- Баса, кыргыз коомчулугунда өлүм жазасын киргизүү зарылдыгы айтыла баштады. Бирок, “өлүм жазасына бейкүнөө адамдар да тартылып кетет” деген дагы кооптонуу күчөдү. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Туура, өлүм жазасын киргизүү боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Чынында өлүм жазасы жаш өспүрүм кыздарды, балдарды мыкаачылык менен өлтүрүп, зордуктап, ыплас кылмышка барган кылмышкерлерге гана колдонулчу берене. Ошон үчүн камалгандын баары эле өлүм жазасына тартылып кетет (!) деп кооптонбой деле койсок.
Ошондой эле өлүм жазасын киргизүүнү колдогондор дагы арбын. Батышчыл, гумандуу көз карашты кармангандар өлүм жазасына каршы. Акыркы мезгилдеги статистикадагы сандарды карасак, жаш улан-кыздарды зордуктап, өлтүрүп салып, жазага тартылбай ар кандай шылтоолор менен “психикалык оорулуу” деген шылтоону жамынышып, мөөнөтүн толук өтөбөй камактан бошонуп чыгышып, кайра эле ушундай мыкаачылык иштерге барышып, акылга сыйбаган нерселерди жасап жатышат. Бул жагынан алганда, өлүм жазасын киргизүү зарылчылыгы жаралууда.
Коомчулукта башка кылмыш жасаган кылмышкерлерге же кылмыштуу топторго мындай жазаны колдонуу боюнча эч кандай кошумча сунуштар боло элек. Ошондуктан бул маселени окуганда, талдаганда көпчүлүк туура түшүнүшү керек.
"Азия Ньюс" гезити











