Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы деңгээлдеги тышкы саясат Руслан Казакбаев менен...

Жаңы деңгээлдеги тышкы саясат Руслан Казакбаев менен...

29-октябрь, 17:30
441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Евразиянын тереңинде жайгашкан Орто Азия башынан эле дүйнөлүк геосаясаттын негизги оюнчулары АКШ, Евробиримдик, Россия, Кытай көз артып келаткан аймак болуп саналат. Ушул жагдайды эске албай, убагында кыргыз бийлигинин оозу күйгөн учурлары болгон. Андан кийин да тышкы саясат алабарман жүргүзүлүп, алыскы чет өлкөлөр менен эле эмес, кошуна өлкөлөр менен да мамилелер бир топ салкындаган. Президент Садыр Жапаров жылдык отчетунда ушул жагдайларды эске алуу менен “тышкы саясат жаңы деңгээлге чыкты десек жаңылышпайбыз. Эффективдүү ишке ашырылган тышкы саясатыбыз Октябрь окуяларынан кийин биз кабылган стратегиялык көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечүүгө өбөлгө түзгөндүгүн ишеничтүү белгилөөгө болот” деп тышкы саясатка оң баа берди. Кечээги өнөктөштөр бүгүн атаандашка айланып, ал эми атаандаштар өнөктөшкө айланып, “устаранын мизинде оодарылган замана” деп Калыгул олуя айткандай, татаал заман болуп жатканда, геосаясаттагы кырдаал күн санап өзгөрүлгөн азыркы оор мезгилде Кыргызстан тышкы саясаты эл аралык бардык жагдайларды эске алуу менен талдап, таразалап, он өлчөп бар кескен көп векторлуу көсөм, стратегиялык багытта жүргүзүлүп жатканын өлкөнүн эл аралык аброю көтөрүлүп, башка мамлекеттер менен теңата диалог куруп, келишимдер түзүп жатканы ырастады. 

 Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өзү бел чечпей иштеп, дипломатия айдыңындагы көп жылдык тажрыйбасына таянып, өлкөбүз кыйын абалда турганда Кыргызстандын алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү элчиликтери, өкүлчүлүктөрү менен бирдикте “кыйын кезде жол тапкан, кысталышта сөз тапкан” жогорку деңгээлдеги адискөйлүгүн көрсөтүп, элибиздин башына иш түшүп турган учурда ар дайым бир туугандык колун сунуп келген Казакстан, Өзбекстан менен мамилелер жаңы деңгээлге чыккандыгын Россия, Кытай, Түркия сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен да мамиле бекемделип жатканын да президент өзгөчө белгиледи.

Чынында эле президенттин кошуна өлкөлөргө болгон расмий иш сапарлары дыкаттык менен даярдалып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишимдерге кол коюлган. Тышкы саясаттын укуктук негиздери жаңы кабыл алынган Конституцияда жакшы көрсөтүлгөн. Өлкөгө ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн министр Руслан Казакбаев жүргүзүп жаткан тышкы саясаттын негизги багыттары: өлкөбүздү куралдуу чыр-чатактан сактоо; талаштуу жагдайларды сүйлөшүү жолу менен ийге келтирүү; өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бейпил жагдай түзүү, каржы-экономика, өнөр жай, айыл чарбасы, суу-энергетика, маалымат технологиялары тармактарына инвестицияларды тартып келип, инвесторлордун натыйжалуу иштешине жагымдуу шарт түзүү. Руслан Казакбаев жетектеген тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо менен улуттук кызыкчылыктарды коргоп, БУУнун уставында көрсөтүлгөн эл аралык нормаларды жана принциптерди бекем карманып, эл аралык дипломатия айдыңында жогорку деңгээлдги адискөйлүктү көрсөтүү менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп жатат. 


Аскар Медетов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер