Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иса ӨМҮРКУЛОВ, КСДП фракциясынын лидери: «КСДП болбой калды. Финишке келгенде кейиштүү абалга тушуктук»

Иса ӨМҮРКУЛОВ, КСДП фракциясынын лидери: «КСДП болбой калды. Финишке келгенде кейиштүү абалга тушуктук»

01-октябрь, 14:54
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
– Иса Шейшенкулович, жакында эле «Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги алмашты. «Республика – Ата Журт» фракциясынын жетекчилигинде да өзгөрүүлөр болору каңкууланууда. Бул жагынан КСДП фракциясы тынч элеби?
– Эми бөлүнгөн, же ар кандай көз караш менен айырмаланган ар бир партиянын ичинде бар. Партиянын, фракциянын жетекчиси деле өзгөрүп тура турган кызмат. Мыйзам ченемдүүлүк дегендей. Мисалы, ар кандай жагдайга, кырдалдарга байланыштуу партиянын лидерлери алмашып жатат. Андай нерсе биздин партияда, фракциянын ичинде да бар, «жок» деп айтпайбыз. Мен ойлойм, жакын арада мунун баары тең бир нукка түшөт. 
– Шайлоого чейин бир эле жыл убакыт калды. Ушуга байланыштуу  көпчүлүгүндө «КСДПнын тагдыры кандай болот? Ушул абалында шайлоого кантип катышат?» деген күдүк ойлор пайда болууда. 
– Ага чейин дагы бир топ нерсе өзгөрүшү, калыптанышы мүмкүн. Биздин шайлоого кантип катышарыбыз ошого байланыштуу болот. 
– Анда сиз КСДПнын келечегине ишенет экенсиз да?
– Албетте, социал-демократиянын идеологиясы жакшы. Бул партияга жаштыгыбызды, ден соолугубузду бердик. Бир топ сыноодон өттүк. Анан аягында, финишке келгенде мындай кейиштүү абалга тушукканы жакшы болбой калды. Бирок, мен КСДПнын келечегине ишенем. Кандай партия болбосун идеология сактылышы керек. 
Керим МУРАС, «Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер