Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жол тыгындан качып, каршы тилкеге чыккан унаа маршрутту сүздү, жабырлануучулар бар

Жол тыгындан качып, каршы тилкеге чыккан унаа маршрутту сүздү, жабырлануучулар бар

29-ноябрь, 10:48
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн эртең менен Бишкекте эл ташыган коомдук маршрутка менен жеңил унаа кагышып, кырсыктан жети киши жаракат алды. 

Бишкек шаарындагы Үмөталиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа эл ташыган микроавтобус менен кагышкан. Бул боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун ырастады.

“Stepwgn” автоунаасынын 30 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, маршруттук унаа менен кагышкан. Жети киши жабыркап, «тез жардам” кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат. Бир аялдын бети канап, дагы алты киши ар кандай жаракаттарды алган. Жаракат алгандардын арасында балдар жок.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы көчөлөрдөгү видеокөзөмөл жок жерде жол эрежеси бузган айдоочулардын саны арбын. Жеңил унаанын айдоочусу да жол тыгындан качып, каршы тилкеге чыгып алганы белгилүү болду. 

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер