Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Жапарова: “Китебимди кыргыз тилине кызыгуусу арткандарга арнадым”

Чынара Жапарова: “Китебимди кыргыз тилине кызыгуусу арткандарга арнадым”

20-декабрь, 19:30
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеңсебизге Чынара айым башбакты. Мурунтан такыр көрбөгөндүктөн бири-бирибизди “сиз” деп кайрылып, сыпаа сүйлөшө кеттик. Колундагы чакан китепчесин мага сунуп, “ушуну гезитке чыгарсам” деди. Аталышы да шумдук экен, “Шёпот муравья” дейт.

-- Чынара айым, “Кумурсканын шыбыры” аттуу китепти жазууга эмне түрткү берди жана эмнеге орусча-кыргызча аралаш болуп кеткен?

-- Жумушумда кээ бир учурда орусча материалды кыргызчага, кыргызча материалды орусчага которуу керек болот. Өзүм шаарда орусча өскөндүктөн, кыргыз тилин жеткиликтүү түрдө билүүгө кызыгуум мурунтан эле бар болчу. 

-- “Кызыгуум” деп калдың, ушундай ынтызарга бир нерсе себепкер болот эмеспи?

-- Апам Дарика Садыракун кызынын быйыл күздө ашын бердик. Ал сиздердин “Азия Ньюс” гезитинин бир да санын калтырбай окуйт эле. Ар жуманын төртүнчү күнү майрам болчу. Таң атпай киоскиге барып гезит алып келип, түшкө чейин ар бир макаланы эки-үч сыйра окуп, андан кийин мага сунуп, “ме, жанагы белги коюп койгон материалдарды эки сыйралап оку. Булар жакшы чыгыптыр” дээр эле. Китебимди апам Дариканын жана атам Асанакун Жапаровдун жаркын элестерине арнадым. 

-- Китеп кайсы аудиторияга багышталган?

-- Мага окшоп шаарда орусча өсүп, ошол эле учурда кыргыз тилине абдан кызыгуусу арткандар үчүн багышталган. Атайын кыргызча макалды мисал кылып, анын маани-маңызын орусча чечмөөлөгө аракет кылдым.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер