Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгар Марлис уулу: “Көп маалыматты изилдеп туура колдонсо, бийик максаттарга жетсе болот”

Талгар Марлис уулу: “Көп маалыматты изилдеп туура колдонсо, бийик максаттарга жетсе болот”

12-октябрь, 19:30
306 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дүйнөлүк ири компанияларда иштеп, карьера түзүүгө жаштарга эмне керек? Ийгиликке кантип жетишсе болот?

-- Ийгиликке жетишүү үчүн ар бир адам эң алгач алдына туура максат коюусу керек жана ал мүдөөсүнө жетүүгө болгон аракетин жумшоосу зарыл. Азыр билим алуу өтө оңой жана арзан. Каалаган ишти мыкты үйрөнүп кетсе болот, ага себепкер интернет тармагы. Көп маалыматты изилдеп туура колдонсо, бийик максаттарды багынтууга жол ачылат. Биринчи эле бул тил үйрөнүү деп эсептейм. Кайда барба, коммуникация керек. Эгерде чет тилди үйрөнүп жана мыкты сүйлөсөң – бул бир көйгөйдөн өйдө турганың. 

Мен университетте окуганда китеп сатып алуу өтө кымбат эле. Ошондуктан интернеттен таап, китепканадан ресурстарды издеп окуганга аракеттенчүмүн. Бош убакытта программа жазуу тилдерин үйрөнчүмүн. Мыкты адистердин блогдорун окуп, дегеле дүйнөдө эмне жаңы нерсе пайда болуп жаткандыгына күнүнө бир сааттай убакыт бөлөм. Күнүнө бир саат жаңы нерсе окусаң, бир жыл ичинде университеттин бир семестрин бүтүргөндөй эле болосуң. Бул чоң тажрыйба жана өзүңдүн келечегиңе кошкон салым.

Ушул сыяктуу ар бир адам өз максатына тийешелүү керектүү билимди алып, талыкпай үйрөнө берсе, өз келечегине туура пайдубал курган болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер