Акыркы кабарлар
» Саясат » Имамидин Ташовдун кайрылуусуна башкы прокурор Максат Асаналиев кайдыгерби?
Имамидин Ташовдун кайрылуусуна башкы прокурор Максат Асаналиев кайдыгерби?
16-ноябрь, 20:59

Абактагы ишкер Имамидин Ташов бир канча ирет кыйноого кабылганы боюнча адвокаты аркылуу кат жолдоп, башкы прокуратурага кайрылыптыр. Коомчулукта талкуу жаралууда. Буга чейин апасына кат жазганы ачыкталган. Имамидин Ташовдун кайрылуусуна башкы прокурор Максат Асаналиев азырынча үн ката элек. Бул эргул жарым жылдан ашык убакыттан бери эмне кылып атат? Мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында туруп, күч органдарын тескей албаса, арыз-даттанууларга реалдуу карабаса, кандай дейбиз? Өз милдетин аткара албай чайналуудабы? Айтор, суроолор арбын. "Азия Ньюс" гезити











