Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Нарматова: “Сотка деген “ушакчы катын” бар, көз ачып-жумганча баары тарайт”

Надира Нарматова: “Сотка деген “ушакчы катын” бар, көз ачып-жумганча баары тарайт”

27-январь, 20:02
1 327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай пикирин экс-депутат Надира Нарматова билдирди: «Тилекке каршы, азыркы энелер кызын күйөөгө берип алып тынч жата албайт үйүндө. Администраторлук кызматка туруп, өздөрүнө өздөрү милдет алышат. Жакшы жерге берсе деле, кокустан табышып калган жерге берсе деле баары бир, кызы сүргүндө жүргөндөй элестетишет. Тооба кылдым! Өздөрүнүн эле курсагы тоюп, а кыздары барган жеринде ачка калып, кул болуп калгандай элестетишет. Эмне үчүн мындай өзгөрүп кетишти? Сотка деген “ушакчы катын” бар. Эч кимге тынчтык бербейт. Көзүңдү ачып-жумганча баары: уктаганың, турганың, жегениң, ичкениң, үшкүргөнүң, бышкырганың, чүчкүргөнүң, кыйкырганың, шыбыраганыңан бери көчөгө (кошунага эле эмес), ааламга дароо жайылып, мамлекеттин ичинде сыр калбагандай, учурда үй-бүлөнүн ичинде сыр сакталбай калды. Кыймыл аракетиңдин баары сыртта талкууда. 

Мурдагы мезгил эле жакшы экен. Кыз-күйөө таарынышып калса, эшикке чыгып келгенче таарынычы таркап, кайра жарашып жүрө беришчү. Өтө катуу таарынса, ата-энесине кабар айткычакты, аларды көргүчөктү убакыт өтүп, унутуп калышчу. Ошентип урушкандан жарашканы тез болот эле. Ымалашып турмушун улантып жашай беришчү эле. Ажырашуу деген нерсе жүздөн бирөө болчу. Азыр алтоонун бирөө ажырашып жатат. 

Ошондуктан сотка деген “ушакчы аял” турганда, энелер кичине сабырдуу болуп, кыздарынын сөзүнө көп деле маани бербей койгону дурус. “Чыккан кыз чийден сырткары”, “Таш түшкөн жеринде оор” деген макалдарды кыздарынын кулагына көбүрөөк куюп, аркандын учун алыс таштаганды үйрөтүп, сабырдуулукка чакыргыла. «Эрдин нанын жегенге темир тиш керек», “Кайын журтуңдун музыкасына бийле” деген талапты коюшса. Энелер кыздарын сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, күйүмдүүлүккө, ыймандуулукка, ынсаптуулукка тарбия, багыт беришин Алладан тилейт элем! Жогорудагы накыл сөздөрдүн мазмунун энелер терең түшүнүшсө. Чындап эле кызынын турмушуна кызыгып, саат сайын телефон чалбаган, аралашпаган апа акылдуу, бактылуу эне!» дейт ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер