Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алдамчыларга чекит коёлу! Кыргызстан канткенде коррупциядан арылат?

Алдамчыларга чекит коёлу! Кыргызстан канткенде коррупциядан арылат?

09-ноябрь, 12:07
743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат» болгон А.Акаев бала кезинен азиз атасын жетелеп жүрүп, атасынын божурай бергени мээсине сиңип калган. Жетелешип жүргөн бечаралар узун жолду кыскартыш үчүн жетинчи атасына чейин санай беришип, аягында “бийдин жана хандын урпактарыбыз” деп өздөрүн сооротушкан. Кийин, кокусунан президент болуп калган баласы атасынын “алтын сөздөрүн” мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгып, жалпы кыргыз элине жайылтты. “Жети ата” рак оорусундай жайылып, адам баласына аба менен суудай керек болгон пайдалуу нерселердин баары унутулду. “Баланча бий, түкүнчө хан түп аталарымдан болот, ал менин жетинчи атам” дешип атакелерин даңазалап, өткөн кылымдарды көздөй салып уруп баратышат. Жеке эле өздөрү эмес бүтүндөй мамлекетти, жалпы кыргыз элин сүйрөп алышкан. Эгерде өткөн кылымдагы жети атасы эмес он атасы жөнүндө сөз болгондо, өткөн кылымдан өтүп барышып, андан аркы таш дооруна такалышып, каада-салтын, үрп-адатын жашоо-шартын кайталашып, аябай ыраазы болушмак. Үңкүргө кирип алгандар менен кире албай калгандардын согушу даана бүгүнкү күнгө алып келмек. Президенттерден үлгү алган жер-жерлердеги уруулар өздөрүнүн тарыхый баатырларын алдыга чыгарышып, “Манастан Чубак кем бекен” дешип бөлүнүп-жарылууда. Өткөн кылымдарда кокту-колот болуп чабышып, кырылышып, тирешип келген кыргыздар 30 жылдан бери бийлик талашып, кимиси президент болуп калса өзүнүн урук-туугандарын, жердештерин чогултушуп, калгандарына күн көрсөтпөй келатышат. СССР убагында цивилизацияга көнө баштаган кыргыз эли 30 жылдан берки жапайычылыкка каршы чыгышып, үч жолу элдик революцияга көтөрүлүштү. Бирок, баягы эле көнгөн адатына салган кыргыздар тескери ушаткандын үстүндө. Ал ортодо өткөн кылымдардагы феодализмден кутулган орустар менен кытайлар коммунисттик система аркылуу өнүккөн өлкөлөргө айланышып, улуу державалар болуп чыга келишти. 

Коммунисттик система убагында Кыргызстан өнүгүп жаткан республика болсо,   бүгүн баардык мамлекеттерден артта калган, жок болуп бараткан коррупциялык өлкөгө айландык. Жети атанын балдары диний жана провинциалдык көз караштагы адамдар болгондуктан мамлекетти жок болуу жолунда алып баратышат. ОДКБнын жыйынында катышкан кыргыздар интеграция жөнүндө кооз сөздөрдү айтышып, иш жүзүндө өткөн кылымдарга багыт алышты.  

Алтургай улуу жолбашчы В.И.Лениндин эстелигин алып салып, анын ордуна кайсы бир ханды койгулары келишет. Бирок, болуп жаткан өзүмбилемдиктерге көз салып турган эл аралык коомчулук, ачык айтсак Россия тыйып коё алат. Анткени саясат, геосаясат, экономика, идеология баары биригип эң жогорку деңгээлдеги интеллект менен башкарылат.

Кыскача айтканда, 30 жылдан бери келаткан көкмээликти токтотпосо болбой калды. Болуп жаткан башаламандыктар эч өзгөрүүсүз улантыла берсе, кыргыз эли ого бетер чачырап, мамлекет жок болуп кетиши мүмкүн. Биздеги жети атанын балдары урук-туугандары менен, тааныш-билиштери, жердештери менен биригишып, Кыргызстанды коррупциялык жана мафиялык өлкөгө айлантышты. Баарынын максаты – бийлик, байлык жана акча. Лимондой сыгылып бүтүшкөн чет элдик инвесторлор менен жеке ишкерлер өлкөдөн чыга качышса, эми жөнөкөй жарандарды да сыга баштады.

Анткени финполиция менен АКСти жоюп таштагандан кийин коррупция мурдагыдан да көбөйдү. Мисал катары айтсак, мыйзам боюнча квартиранын аянты 80 кв/метрден ашса, үйдүн аянты 150 кв/метрден ашса, салык төлөнөрү айтылат. Бирок ар бир үйгө салык салынып, аянты 143 кв/метр түзгөн үйдүн 2016-жылдан 2021-жылга чейинки салыгы 110 миң сом чыккан. Ар бир үйдөн будамайлоо ыкмасы менен 100 миң сомдон сыгып алышса, кыргыз эли Россияны  көздөй көчүп жөнөшөбү? Төлөй алгандар төлөп, колунда жоктору үйүн тарттырып ийишип, өздөрү эмне болсо ошо болушабы? Акчанын артынан түшкөн шылуундар жөнөкөй жарандарды аяй турган түрү жок го? Мындай учурда жөнөкөй жарандар  кайрыла турган финполиция, АКС жок. Күч органдары ашыкча жеген салыкчыларды “кустура” алышабы? Же үч ата, беш атанын балдары болуп чыгышып, бирин-бири калкалай беришеби? Болуп жаткан окуялар мындан бир кылым мурдагы басмачылыктан кандай айырмасы бар? Ал кезде басмачылардын баштарын айланткан Колчак, Деникин, Юденичтер мамлекетке каршы чыгышып, жарандык согуш баштаган. Бүгүн болсо Кыргызстанга көз арткан капиталисттер ар кандай долбоорлорду сунушташып, кыргыз мамлекетин ээлеп алганга аракет кылышканы ыраспы? 

Кумтөр алтынын алдатып ийген кыргыз эли жарды өлкөгө айланса, эми капиталисттерди төргө чыгарып ийип, өздөрү айдалып чыгышабы? Кыргызстанды НАТО өлкөлөрүнө бөлүп берүү планын талкуулаган кыргыздарды Россия менен Кытай баш болгон ШОС-ОДКБлар колдоого алышабы? Албетте жок. Анткени, жөн жашабаган капиталисттерди колтугуна жайгаштырып коюп, “качан атылып жок болобуз?” деп жандарын ооздоруна тиштеп отуруу эч кимге керек эмес. Наполеон менен Гитлерди айтпай эле коёлу, андан берки капиталисттер Япониядан баштап Афганистанга чейин канча мамлекетти талкалады жана канча миллион адамды жок кылышты? Алар орноткон коррупциялык жана мафиялык система кыргыз мамлекетин жок болуу чегине алып келгенин көрбөй, билбей, түшүнбөй, унутуп калдыкпы? Бирок кайра эле ошолорго ишенип, ошолордун жетегинде жүрө берүү даана маңкурттук болуп эсептелет. Эгер мамлекетти башкаруу колдон келбесе, түшүнүк жетпесе Россия президенти В.Путин менен кеңешсе болот да. Же болбосо, В.Путиндин ишеничтүү адамдарын кеңешчи кылып алса, ар кандай аферисттерден алыс болмок. “Мага айтышты” деп аферисттердин айтканын аткара берүү Акаевдин убагында башталган. Андан кийинки президенттер капиталисттердин айткандарын аткарып турган роботтор сыяктуу болуп калышкан. Мамлекет үчүн пайдалуу же зыяндуу экенин териштирип отурушкан эмес. 

Ал эми бүгүнкү долбоорлор үч чоң державанын ортосундагы чоң чырдын детонатору болорун кыргыздар азырынча түшүнө элек. Кийин НАТО талкалап кеткен мамлекеттердин тизмесине Кыргызстан кошулганда ошондо түшүнүшөт. Көп мамлекеттерди талкалаган капиталисттер жок дегенде бир мамлекетти гүлдөтүп, элин жыргатып ийгени тарыхта болгон эмес. Капиталисттердин алдамчы саясатына туш болгон Кыргызстан бүгүн коркунучтуу абалда. “Кылмыштуу топторго бириккен” НАТО өлкөлөрү ишенген бечара мамлекеттер кыйрап жок болушту. Алардын алдамчы саясатына ишенип алышкан жети атанын балдары кыргыз мамлекетин жок болууга алып баратышканын түшүнө албаганы көрүнүп турат. Кыргызстанды сактап калыш үчүн 30 жылдан бери келаткан катачылыктарды жана кемчиликтерди жоюп, жан жыргаткан алдамчылыктан баш тартыш керек. 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер