Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шакиев "парламент чабал" деген Мадумаровго жооп берди

Шакиев "парламент чабал" деген Мадумаровго жооп берди

07-сентябрь, 18:58
812 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламент эрксиз болуп калганын айтып чыкты, бирок анын пикирине кесиптеши Нурлан Шакиев теригип, жооп кайтарды.

Мадумаров учурда депутаттар унчукпай отура бергендиктен бийлик бардык башаламандыкты Жогорку Кеңештин колу менен жасап жатканын билдирди. Ошондой эле эрки жоголуп, "аянтта баарыңар өлүм жазасына тартылып, асылат экенсиңер" десе, “жипти өзүбүз ала баралыбы же береби?” дегендей болуп калганын айтты.

Ал эми Шакиев буга макул эместигин билдирип, парламенттин аткаруу бийлигинин туура эмес иштерин көзгө сайып көрсөткөнгө жетиштүү рычагы бар экенин айтты.

“Жакшы сунуштарды бере албасак, жөн гана сындап отуруш абдан оңой. Коомдо ушундай болуп калды, жалаң сындасаң, каршы сүйлөсөң – сен акылдуусуң, кыйынсың. Ал эми жакшы жагын айтуу бийликке кошоматчылык катары көрүнүп калды. Адахан Мадумаров, сизди кылмыш жообуна тартуу каралганда сактап калдык эле го? Ошондо эркибизди көрсөтпөдүкпү. Азыр сиз менен аброюма шек келтирип жатасыз деди Шакиев.

Ошондой эле ал өзүнүн укугун эч качан тебелетпей, президентке, министрлер кабинетинин төрагасына дагы сын же колдоо сөзүн айтып келерин белгиледи.

"Мен бир дагы хандан, бектен кайра тарткан эмесмин. Ошон үчүн парламент өзүбүздү жаманбыз, алсызбыз” дей бербейли деди Шакиев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер