“Балдар бизге аманат”

Өткөн жумада Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ушундай аталыштагы иш-чара өтүп, кыргыздын белгилүү манасчылары, ырчы-бийчилери, акындары жатак мектепте окуган балдарга концерт тартуулашты. Өз кезегенде балдар өздөрү да өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Жылдыз Муслимова, коомдук ишмер: “Бардык жакшы иштер жөнөкөй кадамдан башталат”
-- Жылдыз айым, бүгүнкү иш-чараны уюштурууңуздарга эмне түрткү болду?
-- Жатак мектепте тарбияланган, камкордукка, мээримге муктаж балдардын саны бүгүн 1500гө чамалап барыптыр. Баары болуп беш жатак мектеп бар экен, анын ичинде жетимдердики, кароосуз калгандардыкы, ден соолугу начарлардыкы бар. Былтыр жылдын аягында өлкө башчысы Токмоктогу жатак мектепке барып, “алардын жаткан жерлери аябай начар болуп кетиптир” деп жаңы имаратка капсула салган экен. Ошол мектепти жөнөкөй эле кыргыздын жигити, меценат Нургалы Асаналиев өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып эле салып атыптыр. Мен ал жигитти көптөн бери тааныйм, агартуучулукка, балдарга жардам берүүгө, мектептерди ачканга да ынтызар киши. Ошону көрүп келели деп барып, балдардын акыбалын көрүп, анан балдарды колдоо иретинде жасап атабыз. Бардык жакшы иштер жөнөкөй кадамдан башталат эмеспи. Бул эми биринчиси да, акыркысы да эмес дегендей. Бардык жатак мектептерге барып, ошолорго жакшы дем берип, балдарга жакшы маанай тартуулап коёлу дедик. Алардын арасында келечекке умтулган, аракетчил балдар көп экен. Мектеп кургандарды, балдарга жардам бергендерди жок дегенде үнүбүз, мамилебиз менен колдоп коёлу деген аракет.
-- Мындай иш-чаралар дагы уланабы?
-- Кийинки айларда буюрса биз мындай иш-чараны түштүктө жасайбыз. Анткени, Өзгөндө да ушундай жатак мектеп бар. Андан тышкары, оорулуу балдар бар экен, аларга дагы башка ыкмасын таап, жардам көрсөтсөкпү деген ой бар. Анан кийинки жылы июнда баарын Бишкекке алып келип, чогуу жыйынтык чыгарабыз. Ага чейин эл да колдойт деп ойлойм. Кыргыздар аябай боорукер эл келет эмеспизби.
Нургалы Асаналиев, “Каганат” коомдук фондусунун жетекчиси: “Жетим балдар үчүн атайын интернат салып баштадык”
-- Биз эл аралык билим жана бизнес университетин ачканбыз. Ошонун атынан Токмоктогу интернатка жардам берип жатабыз. Тагыраагы, алар үчүн атайын интернат салып баштадык. Ал жерде 200гө жакын жетим бала бар экен. Интернат курулса, он бала бир үй-бүлө болуп жашашат. Жаңы жылдын алдында президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров барып, капсуласын салган. Президентибиздин колу берекелүү экен, иш жакшы жүрүп жатат. Ушул жылдан аягына чейин бүтөбүз деген оюбуз бар.
Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Интернат дегенди укканда дене боюм дүркүрөп кетет...”
-- Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарды “чабандардын балдары кайда барат?” деген маселе коюлганда, интернаттар пайда болгон. Кыштоодон жайлоого, жайлоодон кайра кыштоого көчүп отуруп, айла жок балдарын интернатка беришчү да. Менин да атам, апам чабан болуп, үйдө балдардын улуусу болгондуктан мен да интернатта окуп калдым. Алтынчы класстан дагы эки инимди алып келип окуттум. “Тескейдин да күнгөйү болот” деген кыргыздын сөзү туура экен. Интернатта окуган оор эле, курсагың тойбойт, улуу класстагы балдар момпосуй берсе, же чөнтөгүңдө анча-мынча майда тыйының болсо, кадимкидей эле тартып алышчу. Бул тескейи да. Ал эми күнгөй жагы – тарбияны жакшы алат экенсиң. Жогорку класстагылар кадимкидей тарбиялачу. Кичинекейиңен эле боорукер болосуң. Үйүбүзгө барганда жетим балдарды кошо ээрчитип барчу элек, үйдүн тамагын ичсин деп. Адилетүүлүккө кичинекей кезиңен үйрөнөсүң. Бирөөнү бирөө сабап атса, экөө-үчөөлөп барып болуша калчубуз. Бирөө тамак жебей калса, баарыбыз жабылып барып курсагын тойгузганга арекет кылчубуз. Окууда да ошондой элек. Тарбиячыларың сага өз апаңдай, өз атаңдай болуп калат экен. Ал жакта спорт, дене тарбия деген укмуш болчу! Эртең менен эрте тургузуп, дене көнүгүүлөрүн жасатып, чуркатчу. Баскетбол, волейбол, футбол дегендердин баарына катышчубуз. Мына ошентип чоңойдук. Кийин ошонун баары армияда кызмат өтөгөндө керек болду. Эч кыйналган жокмун. Мына азыр алтымыш сегиздин тамагын ичип атам, бирок интернат дегенди укканда дене боюм дүркүрөп кетет. Анан кантип кайдыгер болосуң?! Кудай буюруп, бешинчи чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болуп калдым. Ошондо интернаттардын баарын тең кыдырып, алыскы район эмеспи деп Нарындын интернатын шефке алгам. Жаңы жыл алдында 200 литрдей май, эки-үч мүшөк кумшекер, төрт-беш мүшөк ун, мугалим, тарбиячыларга белек-бечкектеримди алып барчумун. Ушул убакка чейин эстеп, рахмат айтышат.
"Азия Ньюс" гезити