Жаныбек Кубандыков кечээ Мелис Мырзакматовду кабыл алды


Ажонун оң колу Жаныбек Кубандыков “Асанбай Сити” элиталык комплекстен штаб ачып, саясатчыларды, бизнесмендерди кабыл алууда. Кечээ Мелис Мырзакматов суранып барып, президентке кирүүгө ашыгып, саясат боюнча кеп чаргытып кеткенин уктук.
Ал “Ташиевге мен гана туруштук бере алам, түштүктө лидер болушум керек” деп көкүрөк кагып жүрөбү? Убагында УКМК Мырзакматовдун Оштогу гектарлаган жерлерин, базарын, байлыктарын козгоп, маселе көтөрбөдү беле? “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери эмне болду? Эми бул жагы келечекте тергелсе керек...
Кыскасы, соңку убакта Жаныбек Кубандыковго суранып баргандар арбыды, анын кабыл алуусунан кийин гана президентке кирүүгө жол ачылабы? “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” деген лакап Жаныбек баатырга жарашып турган чагы.











