Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгемен жашоонун даамын эл эмес, бийлик жана анын табакташтары эле татып жатат...

Эгемен жашоонун даамын эл эмес, бийлик жана анын табакташтары эле татып жатат...

25-август, 22:25
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан өзүн көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет деп жарыялаганына быйыл 31-августа 31 жыл толот. Эгемендүүлүгүбүздү ошондо көп мамлекеттер кабыл алгандыктан, Бириккен Улуттар Уюмуна кирген 193 өлкөнүн катарына биз да кошулганбыз. Бу биз үчүн чоң сыймык экенин унутпоо керек. 

Тилекке каршы, көз карандысыз, эгемендүү делген өлкөдө бийлик авторитаризмге ыктап, өлкөдө жеке адамдын бийлигинин үстөмдүгүн орнотуу аракеттери токтобой жаткандыктан, өлкөбүздү коррупция, элибизди ишсиздик, жакырчылык каптап, көз карандысыз, эгемен жашоонун даамын биздин өлкөдө эл эмес, бийлик жана анын табакташтары эле татып жатат. 

Коррупция өлкөдө жоюлбай жаткандыктан, жакырчылык, ишсиздик жаштарыбызды өлкөдөн, абийирдүү, таза делген тажрыйбалуу адамдарыбызды саясаттан сүрүп, карызга батып жаткан элибиздин, өлкөбүздүн эгемендүү жашоосун күндөн күнгө жукартууда. Ошондуктан эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын белгилеп жатканда биз майрамдык маанайга азгырылбай, өлкөбүздүн, элибиздин эртеңки келечегин бекемдөө боюнча ой бөлүшүү абдан зарыл. 

31 жылдын ичинде биздин эгемендүүлүккө сырттан эч ким кол салбаганы менен демократияга ичтен кол салуу бир да токтогон жок. Жеке адамдын бийлигинин үстөмдүгүн орнотууну көздөп А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев, С.Жапаров Конституцияга өздөрү каалагандай өзгөртүүлөрдү киргизишип, анан мыйзамдуулукту алар жакындарына эмес элге гана таңуулашкандыктан, өлкөдө мыйзамды көзүнө илбей бийлик, байлыкка марыган «кол тийбес касталар» жаралып, соттор мыйзамды эмес көбүнчө ошолордун талаптарын колдошуп, өкүм чыгарып жатышат. Ошондуктан былык иштерди айтып чыккан саясатчылар, журналисттер, блогерлер тергөөгө, камакка түшүшүп, өлкөдө сөз эркиндиги ооздукталып, демократия элибиздин жашоо маданиятына айланбай калды. Кыргызстан өзүн көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары жарыялаганы менен, чындыгында, көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө, демократияга Кыргызстанда бийлик өзү бөгөт коюп жатканын белгилөө керек. 

Ошонун кесепетинен 31 жылдын ичинде өлкө башчыны биздин өлкөдө бир эле жолу эл өзү шайлап такка отургузду. Калган учурда бийлик төңкөрүш жолу менен гана колдон колго өтүп келатат. Мисалы, Акаев бийликти Масалиевден, Бакиев Акаевден, Отунбаева менен Атамбаев Бакиевден, Жапаров Жээнбековдон тартып алып, анан бийликке келишкен. 

Биздин өлкөдө бийлик шайлоо менен эмес, төңкөрүш жолу менен көбүрөөк алмашып жаткандыктан, бүгүнкү бийликтин эртеңи деле арсар. Себеби Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков кетирген каталарды бүгүнкү бийлик кайталап жатканын Садыр Жапаровдун өзү сезбей жатса да, аны жандап, бийлик менен байлыкка марып жаткан анын «кол тийбес касталары» да, жакырланып жаткан карапайым эл да көрүп турат. Экономика өнүкпөй, коррупция, кымбатчылык, жакырчылык, ишсиздик жоюлбай, чек ара маселелери чечилбей жатканда, Кумтөр кени боюнча элде күмөн күчөп, саясый куугунтук менен эле алек болгон бүгүнкү бийликке элде нааразычылык өсүп жатканын жашыруу кыйын болуп калды. 

Эгемендүүлүгүбүздү жарыялаганда биз дүйнө жүзүнө демократиялык мамлекет курабыз деп убада кылганбыз. Бирок бийлик ал убадага турбай, демократиядан баш тартып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жолу менен авторитаризм деп аталган жеке адамдын бийлигинин үстөмдүгүн өлкөдө төрт жолу орнотту. Муну бүгүнкү бийликтин саясый катасы сыңарындай баалайм. Себеби, мурда ушуну жасаган Акаев менен Бакиев өлкөдөн качууга мажбур болушса, Атамбаев түрмөдө отурат. Ушул чакчайган чындык Садыр Жапаровго сабак болбой жатканы өтө өкүнүчтүү. 

Авторитаризм эмес, парламентаризмге ыктаган өлкөлөрдө парламент оппозициялык күрөштүн аянтчасына айланып, саясый күрөш көчөдө эмес, парламенттин ичинде бирде кызып, бирде сууп, бийликти натыйжалуу да, таза да иштөөгө түрткүлөп турат. Ал эми көчөдө кызыган саясый күрөш төңкөрүш менен гана аякталары талашсыз чындык. Өлкөдө 31 жылдын ичинде бийлик үч жолу төңкөрүш жолу менен алмашканына Садыр Жапаров баам салса, жеке адамдын бийлигинин үстөмдүгүн орнотууга умтулбай, парламентаризмге ыктамак

Парламенттик башкаруу эл, өлкө үчүн да пайдалуу система экенине көзүбүз жетип, биз бүгүнкү бийликке оппозиция катары өлкөдө «Бириккен Демократиялык Кыймыл» түздүк. Максатыбыз – саясый атаандаштыкты көчөдөн парламентке киргизип, өлкөнү төңкөрүштөрдөн арылтып, элдин жашоосун, экономикасын оңдоого даңгыраган жол ачуу. Ошондуктан парламентаризмди оппозициянын идеясы деп жерибей, бүгүн карааны кайра-кайра көрүнүп жаткан төңкөрүшкө бөгөт коюш үчүн Садыр Жапаров тарыхта айтыла турган жаңы саясый чечимди кабыл алышы зарыл. Мындай тарыхый чечимди кабыл алууга өз учурунда духу жетпеген президентерибиз А.Акаев, К.Бакиев, С.Жээнбековдордун тагдырлары эмне менен бүткөнүн эске алып, Садыр Жапаров өлкөдө парламентаризмди орнотууга бурулса туура болмок. Президентти анда эл эмес парламент, сотторду парламент эмес эл шайлап, өлкөдө жеке адамдын бийлигинин үстөмдүгү жоюлуп, соттор да депуттатарга окшоп элдин ишеними менен макамга ээ болуп калышмак. Мындай системада саясый күрөш мыйзамдуулукту туу туткан саясый топтордун арасында гана жүрүп, демократия элибиздин, өлкөбүздүн жашоо маданиятына айланмак. Ошондо гана эгемендүүлүгүбүздү жарыялаганда өзүбүз айткан демократиялык мамлекет куруп жатканыбыз башкаларга далилденмек. 

Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт” делет биздин элде. Ошондуктан Садыр Жапаровду “аны кыл, муну кыл” дей бербей, 31 жылдык эгемендүүлүгүбүз бекем, куттуу болсун! Элибизге калоо айтуу менен сөзүмдү аяктайын. 


Урматым менен,

Бириккен Демократиялык Кыймылдын координатору

Мамбетжунус Абылов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер