Күйөөм “балалуу эмес, машиналуу болгум келген” деп таштап кетти

Үчүнчү балам менен кош бойлуу экенимди айтканда, күйөөм алгач ачууланып, анан депрессияга түшүп кетти. “Башкалардай болуп сактанганды билбейсиң! Эми машина ала албайт турбаймынбы” деп кейип, акыры үйдөн чыгып кетти.
Ошентип, мен үч балам менен жалгыз калдым. Улуусу 7 жашта, ортоңкусу 5 жашта, кичүүсү болсо жаңы төрөлгөн. Өзүм болсо декретте элем. Бирок күтүлбөгөн жерден жашоом да, өзүм да жеңилдей түштүм. Үйдөгү иштер да, балдардын тарбиясы да мурда эле менин мойнумда болчу. Декретте да иштеп жүргөндүктөн, күйөөмдүн жоктугу анча билинген жок. Акча мурда күйөөмдүн гаджеттери менен машиналарына кетчү. Азыр болсо балдарга жумшайм. Жадагалса акча кенен жетет экен. Жашоодо кантип ушундай күйөөнү тандаганыма азыр таңгалам.
Бегимай
"Азия Ньюс" гезити