Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Профессор Лайли Үкүбаеванын илимдеги ийри изин билгиң келеби?..

Профессор Лайли Үкүбаеванын илимдеги ийри изин билгиң келеби?..

15-март, 09:00
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илимдер академиясындагы шайлоого чейин, андан кийин да уланып, коомчулукту тажаткан Лайли Үкүбаеванын өзүмчүл, бир жактуу, жалганга жык аксымдык, толгон карөзгөйлүк арыздары, негизсиз айыптоолору алиге чейин тынчыган жок. Ушуга байланыштуу биз “Лайли Үкүбаева ким өзү?” деген суроону ачыктап көрөлүчү. 

Гезиттеги өзүнүн макаласында “...ар кандай терс маанидеги пикирлер айтуу менин мүнөзүмө жатпайт” деген Лайли Үкүбаеванын маданияттуу, сылык сөзүнөн кийин ким болсо да, анын башка бирөө жөнүндө жаман айтпай турган, эч кимдин алдынан кыя өтпөй турган ыймандуу, айкөл, кең пейил, токтоо, сабырдуу мүнөзү бар турбайбы, терең экен (!) деген ойго келериң чын. Шайлоого чейин ошентип жазып, бирок, шайлоо баштала электе эле Лайли Үкүбаева аттуу-баштуу академиктердин ар бирине жалдырап, “жардам бергиле, мен жалгыз коюшум керек, татыктуумун” деп кыдырып барганын баардыгы айтып жүрүшөт, өзү да муну беш колдой билет. Көп убакыт өтпөй 10 жылдан ашык шайлоо болбогон академияда академик, корреспондент-мүчөлөрдү шайлоо болуп өттү. Ал шайлоодо тап берген жагынан олжо алып көнгөн иши оңунан чыкпай, өтпөй калат. Анан баягы “жаман айтпайм” деген Үкүбаева пикирин кескин тескери буруп, Улуттук академия, анын жетекчилиги, академиктер, оппоненти тууралуу сайттарда, Фейсбукта, гезиттерде, мамлекеттик органдарга жазган арыздарында негизсиз эле оюна эмне келсе, ошолорду жазды. “Үкүбаеванын калпы деп бир нече макала соцтармактарга, гезиттерге да чыгып кетти. Жазганын карап көргөндөр логикалык эч ырааттуулук жок, орфографиялык, грамматикалык толтура каталарга жык толгон макала, каттарын окуп, жакаңды кармайсың, ушунчалык да сабатсыз профессор болобуКерек десеңиз, кызыл жаян болуп толгон каталары оңдолгон арыздарыңызды сүрөткө тартып жарыялоого даярбыз. Ошондо дагы бир жолу эл көрөт, Үкүбаеванын өзүн өзү мактаган “мыкты окумуштуу” экендигин...

Жеңилгенине ичи күйүп, оппонентин мен окууга өткөргөм” деп да жазды. Биз буга ишенген жокпуз, Лайли Үкүбаева өзү дагы ишенбейт деле. Анткени ал кезде университетке жаңыдан ишке алынган жаш мугалим экен. Жаш мугалим келбей жатып эле коррупциялык иштерге аралашканга “карышкырлар” мүмкүнчүлүк береби? Бул жерде Лайли Үкүбаева ырын айтам деп сырын, чынын айтып алган жокпу? Ал ошол совет мезгилинде эле коррупциялык иштерге катышып, тааныштарынын, туугандарынын балдарын окууга өткөргөнүн өзү ачып берип жатпайбы. Окууга өткөргөнүндө акчаны “тергеп”, ачкөздөнүп, үстүнө дагы мынча “килограмм кант кошосуң” деп код менен сүйлөчү дегендерин ошол кезде окууга өткөргөн көп тааныш-билиштери унутпай, аргасыздан күлүп жүрүшкөндөрүн айтышат, өзү деле аларды унута элек болсо керек. Университетте предметтик комиссиянын төрагасы болуп жүргөндөр менен “далай иштерди” кылганын Лайли Үкүбаева өзү жакшы билет эмеспи... БГУда декан болуп турганда “ушундай иштери” үчүн жумуштан алынып, ордуна Ардак Ормонбекова дайындалат, ага атака коюп, аны менен канча чатакташып, гезитке чыгарып, жылдап үстүнөн көп жолу арыз жазганын да эл билет.

Өзүнүн көздөй курбусу болуп жүргөн эки-үч жаш улуурак (ыраматылык Сүйүмкан Өмүралиева) эжеке ала турган “Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер” наамды тааныш-билишин салып, Л.Үкүбаева көз көрүнө тартып алганын ошол кездеги кесиптештери “жерге түкүрүп” айтып жүрүшөт. Аттиң, жашоо деген бумеранг тура! Эми эмнеге мынча тытынасыз? Ошондогу Сүйүмкан Өмүралиева эжекеден тартып алган “Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер” наам азыр бумеранг болуп башыңызга тийип жатканын ойлодуңузбу? Өзүнүн чогуу иштешкен, чогуу жүргөн көздөй курбусунун ала турган наамын тартып алган соң, “мен гана болушум керек” деген карөзгөй, өзүмчүл накта жүзүн далилдеп жатпайбы... Башкасын айтпаганда да, ал мындан 12 жыл мурда да УИАдагы шайлоого жалгыз катышып, анда да корреспондент-мүчөгө өтпөй калган, ошондо да өзүнөн башканын баардыгын күнөөлөп, ошол кездеги биринчи турдагы оппоненти, профессор А.И.Мусаевди канча жазып жүргөнү эмнеден кабар берет? Бул окуялар Л.Үкүбаеванын 75 жаштын тамагын ичип жатса да, “шүгүр” дебестен, чыр-чатак, арыз менен келе жатканын көрсөтүп аткан жокпу? “Коомчулукта ар кандай терс пикирлери бар экенин айтуу менин мүнөзүмө жатпайт” деген сөзү карандай калп экенин өзү далилдеп атат. Болуп жаткандарга өзүбүз күбө болгондон кийин менден башка илимпоз жок дегенинен да күмөн санап калдык. Ушул жерден сөз узарып кете электе дагы бир нерсенин башын ачып алуу керек. “Профессор Лайли Үкүбаева – Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору” деп өзүн-өзү мактаганын окуп алып, көргөн көзүбүзгө ишенбей таңкалдык. Минтип Кудай Теңирин тааныбаган бирөө жазбаса, академиктер да минтип айтканга батына албаса керек. Ч.Айтматов боюнча К.Асаналиев, А.Акматалиев, К.Ибраимов, О.Ибраимов, А.Эркебаевдин монографиялары фундаменталдуу эмес, ушул Л.Үкүбаеванын Ч.Айтматовдун чыгармаларынын окуяларын кайталап баяндаган китептери укмуш беле? Жазгыч акындар боюнча Р.Кыдырбаева, Б.Кебекованын салмактуу эмгектеринин жанында Л.Үкүбаеванын макалалары жеңил-желпи бирдеме да, К.Артыкбаевдин “Кыргыз адабиятынын тарыхы” ырасында эле фундаменталдуу эмгек. Л.Үкүбаева бир-эки макаласы менен К.Артыкбаевге теңелем дегени “пилге асылган бирдемедей” эле болуп калса керек.

Баардык нерсе салыштырып караганда гана жүрөккө жетет. Көрүнүп тургандай, Л.Үкүбаеванын бир да “фундаменталдуу” изилдөөсү жок. Айта кетчү дагы бир нерсе, 18 китебинин 7 китеби ар кыл темадагы макалалардан турган көлөмү аз брошюралар, 1 китеби 3 тилде чыккан чакан биомаалыматнаама, 1 китеби авторлош түзүлгөн окуу куралы, кандидаттык иши эки жолу китеп болуп чыккан, 5 китеби докторлук ишинин китеп шекилиндеги главалары, алардын экинчи басылышы, толук басылышы баардыгы жакшы мукаба менен чыккан бир эле китеп. Үч китеби диссертациясынын орусча варианты, экинчи басылышы. Коррепондент-мүчө наамына ылайык келсин үчүн Л.Үкүбаеванын “фундаменталдуу изилдөөлөр” деген китептери ушулар, алардын көбү илимге жакындабайт.

Кала берсе Л.Үкүбаеванын ишмердүүлүгү илимий кадрларды даярдоодон обочо каралбайт. Лайли Үкүбаеванын илимий мектеби БГУдабы, И.Арабаев атындагы КМУдабы, КУУдабы, ОшМУдабы? Эч кимдин кабары жок экен. Өзү иштеген Кыргыз-Түрк “Манас университетинде академик О.Ибраимовдон башка адабиятчы адис жок го? Анын 10 аспиранты он башка темада иштесе, кайдан мектеп болот? Л.Үкүбаева өзү да бир темага токтой албай, ар кайсы темаларга тийди-качты болуп жүргөнүнө күбө болдук. 

Анын арыздары боюнча канча комиссиялар түзүлдү, канча адамдар жүздөгөн барак документтерди чогултушуп, изилдешип, баардыгы мыйзам чегинде дешип жыйынтыгын чыгарып беришсе да, эч кимге ынанбады. 

КР президенти Садыр Жапаровдун саясый эрки, колдоосу, чечкиндүүлүгү менен 12 жылдан бери болбой келе жаткан шайлоону былтыр Улуттук илимдер академиясы толугу менен мыйзам чегинде өткөрүп, ондогон окумуштуулар татыктуу баасын алса, “бул шайлоону жокко чыгарыш керек” деп дискредитациялаган Л.Үкүбаеванын “илим үчүн күйгөн окумуштуумун” дегени карандай калп экендиги, кара башынын гана кызыкчылыгын ойлогону эмей эмне?! Ал чын эле илим үчүн күйгөн окумуштуу болсо, канчалаган атактуу окумуштуулардын жашыруун добуш берген чечимин сыйлайт эле да. Маңдайына жазылбаган корреспондент-мүчөлүккө эки жолу тең өтпөсө да, буга чейинки жетишкендиктерине каниет кылып, маданияттуулугун, нысаптуулугун көрсөтөт эле да, жок дегенде өзү иштеп жан баккан, аны көтөрмөлөп корреспондент-мүчөлүккө ат салышууга жолдомо берген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин имиджин сыйлайт эле да. Эгерде бул шайлоодо Л.Үкүбаева корреспондент-мүчөлүккө өткөндө, эч негизсиз болсо да, чындай көрсөтүп тытынып жазып жаткан “кемчиликтер” тууралуу ооз да ачмак эмес! Шайлоодо чын эле академиктердин колун бурай тургандар жок, окумуштуулардын колун бурап, бюллетень салынса, шайлоонун жүрүшүнүн толугу менен ар бир кыймылы тартылган видео сакталып турат го! “Азаттык”, Де-факто баштаган бир канча массалык маалымат каражаттары, журналисттер катышышты, алар деле күбө го!

Убагында Лайли Үкүбаеваны илимдин доктору болгонго адамдык дагы, илимий жактан дагы баа жеткис чоң жардамын берген УИАнын корреспондент-мүчөсү, маркум Абдыкадыр Садыковду бүгүн арыз-макалаларында атын атап, айыптап жазып жатканы кайсы адамгерчиликке жатат? Ал киши тиги дүйнөгө кетти, болбосо Л.Үкүбаевага катыра жооп берип, жаагын жап кылып, бир заматта басат эле! Убагында А.Садыковдун төө көтөргүс жакшылыгын көрүп, эми жер алдында жаткан адамды козгоп жаткандын өзү эле бул эженин кандай адам экенин далилдеп турат. А.Садыковдун көзү тирүүсүндө урматтамыш болуп, анан эле көзү өтүп кеткенде жакшылыгын бир заматта унутуп калганы кандай? Өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн мезгил саатына жараша өзгөрө берет тура, көрсө! 

Лайли Үкүбаева улам бир арызын көтөрө чаап, карыганда улам бир мекеменин эшигин тытып, улам бир журналистке “жазып бер, чыгарып бер” деп жалдырап барып, чуулган салбастан, бир силкинип, өзүн күзгүдөн карап, “кандай иш жасап жатам?” деп анализдеп көрбөйбү? Кайгыга да токтоолук керек, шаттыкка да кыраакылык керек. Атаңдын көрү, улуу Ч.Айтматов: «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген эмеспи. Мунун так, таамай экенине дагы бир жолу ынандык...


Марат Орозонов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер