Акыркы кабарлар
» Коом » Эне-бала бир түндө өз жандарын кыйышты
Эне-бала бир түндө өз жандарын кыйышты
15-сентябрь, 12:02
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коңшу Казакстандын Ак-Төбө облусунун Шубарши айылында эне-бала бир түндө өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү үй-бүлөлүк чырдан улам 68 жаштагы аял өзүнүн үйүндөгү газ түтүгүнө асынып алган. Апасынын асылып турганын биринчилерден болуп көргөн 28 жаштагы баласы туруштук бере албай, өзүнө бир нече ирет бычак сайган. Натыйжада эне-бала бир түндө каза болгон.
Окуя орун алган учурда үйдө каза болгондордун жакын туугандары болгон. 28 жаштагы жаран жакында эле үйлөнгөн жана 19-сентябрда үлпөт тою өтмөк.
Кайгылуу окуя болгон бул үй-бүлө бардар жашоодо жашашчу. Каза болгон 28 жаштагы жаран мунайзат чыгарган заводдо иштээри белгилүү болду.
“Супер кж”