Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткен облусунда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” машыгуусу башталды

Баткен облусунда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” машыгуусу башталды

01-апрель, 12:03
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунда КРнын коргоо министрлигинин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу салтанаттуу башталды. 

Ачылуу аземине КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, КРнын коргоо министри генерал-майор Таалайбек Омуралиев жана тийиштүү баардык органдардын кызматкерлери катышты. 

Ыйгарым укуктуу өкүл катышуучуларды машыгуунун башталышы менен куттуктап, “окутуулар сиздердин кесиптик дараметиңиздерди жогорулатууда чоң тажрыйба болот деп ишенем. Учурдан пайдаланып, аскер кызматкерлеринин өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеймин. Сиздердин күжүрмөн аракетиңиздер менен элибиз тынч жана бейпил жашоодо күн кечирип келет. Биз сырткы ар кандай коркунучтардан коргой алган ишенимдүү күчүбүз, кубаттуу армиябыз бар экенине ишенебиз. Өнүгүү үчүн биринчи кезекте тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук керек” деп белгиледи. 

Машыгуу 2021-жылдын 1-2- 3-апрель күндөрү өтөт. 

Машыгуунун биринчи этабында аймактын мамлекеттик башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарышат. 

Кийинки этаптарда аскердик машыгуу, өзгөчө кырдаал учурундагы элдерди эвакуациялоо, ички иштер органдарынын стратегиялык обьект Төрт-Гүл суу сактагычын кайтаруу аракеттери болот. 


КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер