Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Парламентке шылуундар, коррупцияга ыктагандар келе жатышат”

Каныбек Осмоналиев: “Парламентке шылуундар, коррупцияга ыктагандар келе жатышат”

22-август, 13:34
972 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев менен партиялардын съезди, талапкерлердин тизмеси кандай түзүлүп жатканы боюнча маек курдук. 

-- Каныбек Осмоналиевич, эки күндөн бери шайлоого катыша турган партиялардын съезддери өтүп келди. Бирок, көпчүлүк алардын программаларын эмес, тизмедеги талапкерлерди талкуулап жатышат... Сиз программаларды талдаганга жетиштиңизби?

-- Ооба, мен дагы кунт коюп байкап жаттым. 2015-жылга караганда миң эсе начар жана кылмыштуу процесс жүрүп жатат. Буларды тарых өзү кийин тастыктап, таразалайт жана жазалайт. Партиянын лидерлери менен анын айланасындагы куу тумшуктар элди көзгө илбей партиялык тизмени базардагы чайкоочулукка айлантып жиберишиптир. Эми Жогорку Кеңешке кимдер келери ачык-айкын эле көрүнүп калды. Президенттик аппарат, өкмөт жана БШК кайда карап жатышат? Көз көрүнөө эле базар болуп жатпайбы? 

-- Негизи тизме кандай түзүлүшү керек?

-- Өзү мындай тандап алуулар ар кандай цивилизациялуу ыкмалар менен ачык, конкурстук тартипте өткөрүлсө болмок. Бирок, андай болбогонун баарыбыз көрүп турабыз. Аттиң, кыргыздар жакында оңолбой калдык окшойт. Шайлоонун алдында кылчайнашмай күрөш башталат. Бирок, марага элдин татыктуу өкүлдөрү келбей эле акчалуу шылуундар, коррупцияга ыктагандар, элди көзгө илбеген карьеристтер келишет. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай дагы ары барып, бери келишер бекен! Ушундай кесепеттин кимге кереги бар эле?

-- Партиялардын бир күчкө айланып жатканы эмнеден кабар берет? 

-- Мен ар дайым партияларды маданияттуу жана мыйзамдуу биригүүгө чакырып келдим эле. Анткени, ушул жол менен гана татыктуу партиялар менен сапаттуу парламентти түзсөк болмок. Тилекке каршы, партлидерлер ага барышкан жок. Демек, көпчүлүгүнүн арам ойлору айкын билинип калды. Аларга Кыргызстандын келечеги бир тыйын турбайбы! Бул кылмыштуу кадамдарды мыйзам жолу менен токтотуу керек, андай болбосо эл өзү чукул чаралар менен токтотуп, чечип коёт. Бул арамза саясатты кескин сындап жок кылбасак болбой калды. Кээ бир адамдар жакшы айтканды түшүнүшпөйт турбайбы!


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер