Акыркы кабарлар
» Коом » Актер Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Актер Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
19-декабрь, 14:32

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында эмгек сиңирген артист, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өттү. Буга чейин актердун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары маалым болгон.Театр жана кино актеру, 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду.
Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.
Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элден жардам сурашкан.











