Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Мотуев: “Бир жылда алданган элдин 160 миллион сомун өндүрүп бердим”

Нурлан Мотуев: “Бир жылда алданган элдин 160 миллион сомун өндүрүп бердим”

11-май, 22:58
1 271 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурлан байке, карыз өндүрүүнү бир топ убакытка чейин токтоттуңуз эле. Сизди сотко берген тараптар менен орток пикир таптыңызбы? 

-- Мени сотко ИИМ берген. Улуттар аралык кастыкты козутуу деген берене менен кылмыш ишин козгошкон. Карыз өндүргөн видеолорумдун биринде дунган деп койду деген доомат коюшкан. Мен дунган деп улутун атаганым менен элди аларга каршы чыккыла деп үндөп, сүйлөгөн эмесмин да. Свердлов райсоту ошонун баарын эске алып, 100 миң сом айып пул төлөттү. “Мындан ары улуттардын атын атабай жүр” деди.

Мунун баары Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мени трибунадан мактап сүйлөп, “ИИМге караганда Мотуев эффективдүү иштеп жатат” деп койгону үчүн болду. ИИМ чычалап кетип, мага кылмыш ишин козгоп, ишти өрчүтүп, сотко өткөрүштү. Жогоруда айткандай, 100 миң сом айып пул менен кутулдум. 

Негизи депутаттар кайсы бир тармактын өкүлдөрүнө сын айтуудан мурун мошенник, аферисттер боюнча жазылган мыйзамдарды катуулатып, кайра жазышса болмок. Анткени, Атамбаев, Текебаев гуманизацияны шылтоолошуп, мошенник, аферисттерге ыктуу мыйзамдарды болушунча жеңилдетип салышкан. Депутаттар акылдуу көрүнүп, чоң сүйлөрдөн мурун так ошол мыйзамдарды кайра карашса. Эмнеге өздөрү чыгарган мыйзам менен ИИМди коколойт, “Мотуевден эффект болуп жатат. Силердин ишиңердин натыйжасы жок” деп? Парламентте атым аталгандын пайдасынан зыянын тарттым, жарым жыл ишмердүүлүгүм токтоду.

-- Ошондо ИИМ ишмердүүлүгүңүздөн кынтык тапкан жокпу?

-Тапкан жок. Менин карыздарды кайтартып берүү боюнча аракетимдин баары мыйзамдуу. Устав, печаттын баары бар. Фондду юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөм. Ишмердүүлүк кылып жаткан жаран катары салык, соцфонд төлөйм. 

-- Алдангандарга жан тартып, алдагандарды социалдык тармакта уяткарганыңызды бийликке болгон колдоом дедиңиз эле. Жалпысынан канча миллион өндүрүп бердиңиз?

-- Мен ар бир карызды өндүргөнүм өкмөткө болгон колдоом дегем. Массалык түрдө мошенник, аферисттерге алданган элдин бир жылда 160 миллион сомун өндүрүп бердим. Акчасын ала албай жүргөндөргө колумдан келишинче колдоо көрсөтүп жатам.

-- Азыр деле мурдагыдай иштеп жатасызбы? 

-- Ооба. Баштагыдай эле ишмердүүлүгүмдү улантып келем. Азыр деле алдангандар көп кайрылышууда. Менин видеомдон кийин карыздарын кайтарып алгандар ырахматын айтып жатышат.     


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер