Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Азык-түлүккө болгон бааны көтөрбөй кармап турабыз”

Кеңешбай Тайлаков: “Азык-түлүккө болгон бааны көтөрбөй кармап турабыз”

27-май, 19:30
2 441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору менен маек.

-- Кеңешбай Доскулович, “азык-түлүктүн баасы турукташты” деп айтсак болобу?

-- Россиянын ички баасы эмес, экспортко чыккан баасы көтөрүлүп жаткандыктан, турукташуу боюнча айтуу кыйын. Ал товарларды жеке жактар алып келет. Алардын да өз чыгымдары бар. Транспортко кетет, салыктары бар. Бүгүнкү күндөгү биринчи маселе – запастар менен камсыз кылуу. Запастар жетиштүү болсо, баа да туруктуу болот. Азыркы күндө биз азык-түлүккө болгон бааны кармап жатабыз. Өсүмдүк майын 12 пайызга чейин түшүрдүк, кумшекер боюнча да иштер жүрүүдө.

-- Күйүүчү майлардын мындан аркы баасы кандай болот? Алдын ала прогноздоо мүмкүнбү?

-- Күйүүчү май – бул биржалык товар. Андай болгон соң алардын баасы дүйнөлүк алкакта, эл аралык биржаларда чечилет. Бизде болсо КМШнын деңгээлинде Санкт-Петербургдагы биржада каралат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк алкактагы экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алганда, божомолдоо, прогноз берүү туура эмес болуп калат. Биз ГСМди Россиядан алып жаткандан кийин алардын баасынан көз карандыбыз. Дүң баа түшкөн кезде бизде да ылдыйлатуу боюнча иштер жүрөт. АИ-92, дизелдик отун социалдык жактан маанилүү товарларга кирет, ошон үчүн ага өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Бааларды турукташтыруу боюнча Бишкек шаары боюнча эле эмес, региондорго дагы тийиштүү талаптарды койгонбуз. Эгер биздин талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде иш алып барабыз. Андан сырткары, баа түзүмү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келди. Долбоор өтсө, бааларды белгилеп, тийиштүү иштерди жүргүзөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер