Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матлюба Хакимова: “Майыптыгымды артыкчылык катары кабыл алам”

Матлюба Хакимова: “Майыптыгымды артыкчылык катары кабыл алам”

13-июнь, 22:58
1 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин бүгүнкү маектешибиз Матлюба Хакимова. Ал көзүнүн көрүүсү боюнча I топтогу майып. Бирок, буга карабастан ал кыска убакыттын ичинде чүчпара чыгаруучу чакан цех ачууга жетишкен. Матлюба камырдан даярдалуучу азыктын түрлөрүн жасаганды үйрөнгөн. Баардык жумуштарды кимдир бирөөнүн жардамысыз аткара алат.


Акыры көзүм көрбөй кала турганын билчүмүн

-- Менин ден соолугума байланышкан көйгөйлөр кичинекей кезимде эле башталган. Мурда көзүм көрчү, бирок 12 жашка келгенде көрүүм начарлап, дарылана баштадым. Ошол кезде мени дарылап жүргөн доктурлар бара-бара  таптакыр эле көрбөй калышым мүмкүн экенин мага ачык эле айтып салышкан. Ооруканага барган сайын врачтардан жакшы жаңылык укчу эмесмин. Анткен менен азыр ошол доктурлардын оорумду жашырып, көңүлүмдү карап алдабай, болгонун болгондой айткандары үчүн ыраазымын. Учурунда бул кабар абдан оор тийген. Ыйлап, капа болуп, апамды, агаларымды коркутуп, сүйлөбөй, көп ирет таарындым. Акыры мындай кылык-жоругум менен эч нерсе өзгөртө албай турганымды, мен оорусам апам да кыйнала турганын түшүнүп, майыптыгымды кабыл алдым.  


Кесибим боюнча мугалиммин

-- Мектепти аяктап, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин математика, информатика жана кибернетика факультетине окууга тапшырдым. Окуумду артыкчылык менен бүтүргөм. Кийин Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы өзүм бүтүргөн мектепке мугалим болуп ишке орноштум. Эки жыл эч кимдин жардамысыз баардык тийешелүү кагаздарды жалгыз жазып, балдардын дептерлерин өзүм текшерип жүрдүм. Ушул таасир эттиби, айтор, үчүнчү жылы көзүмдүн көрүүсү таптакыр эле начарлап калды. Анда да тырышып, мугалимдикти таштабай, кесиптештеримдин жардамы менен иштедим, документацияларды, окуучулардын текшерүү иштерин, дептерлерин болсо агаларымдын, жеңелеримдин жардамы менен текшерип жүрдүм. Бирок, акыры таптакыр иштей албай калдым. Айрыкча математикадагы айланма дептерлер менен иштөө кыйынчылык жаратты, бизде мага окшогондорго ылайыктуу аудиокитептер, шарттар жок экен. 


Бишкекке келип, жаңы жашоого үйрөндүм

-- Көзүм көрбөй калгандан кийин Бишкекке келип, Кыргыз азиздер жана дүйлөйлөр уюмунун жардамы менен атайын окууларда окуп, жаңыча жашоого үйрөнө баштадым. Алты айдын ичинде окуганды, жазганды жана таяк менен басканды үйрөндүм. Алгач “массаж жасап иштейм” деген чечимге келип, массажисттин окуусун бүтүрдүм. Мага ал жумуш жаккан жок. Кийин шаардагы белгилүү ресторандардын биринде пельмен түйүп иштеп калдым. Алар деле көзү көрбөгөн адам менен чогуу иштешкен эмес да, ошон үчүн башында баарыбызга оор болду. Мен майыптарга карата коомчулукта калыптанып калган ой-пикирди өзгөртө алдым деп эсептейм. Биз деле башкалардай иштеп, эмгек кылып акча таба алабыз.  


Жашоом эки бөлүктөн турат

-- Жашоом көзүм көрүп жүргөндөгү жана көрбөй калгандан кийинки болуп, эки бөлүктөн турат. Адам негизи кандай болсо ошол нерсени кабыл алышы керек экен. Сенин көзүң көрбөйбү, демек, көрбөйт, чөйрөңдү да ошол нерсеге көндүрүшүң керек. Муну чоң көйгөй кылбай, тескерисинче, өзгөчөлүк катары кабыл алсаң, ошондо сага жеңил болот экен.  


Башкалардын мага боору ооруп, аяр мамиле жасаганын каалабайм 

-- Башкаларга байкуш болуп көрүнгүм келбейт. Ресторанда иштегениме тогуз ай болду, бул аралыкта чүчпаранын түрлөрүн түйгөндү өздөштүрдүм. Мага ал жакта эч кандай жеңилдиктер жок, эл катары иштейм, ошого жараша айлык алам. Жетекчинин, кесиптештеримдин ушундай мамилеси жагат. Учурда эки жумушту аркалап жатам, эл аралык уюмдардын жардамы менен чакан цех ачтым. Алар менин ресторанда пельмен түйүп иштей турганымды угуп, өзүнчө цех ачып берүүнү сунуш кылышты. Мен макул болуп, керектүү жабдыктардын тизмесин берип, имарат таптым. Уюм цехтин беш айлык ижара акысын да төлөп беришкен. Ишти баштаганыма бир ай болду. Азырынча баардыгына өзүм жетишем, азыктарды таразага тартууда гана кыйынчылыктар бар. Кадимкидей базарга барып, керектүү азык-түлүктөрдү сатып алам, камыр жууруп, жайып, кесип, чүчпара, вареники жана равиоли түйөм. Азыктарым башкалардыкынан  нукуралуулугу менен айырмаланат. Даам чыгаруучу татымалдарды кошпойм. 


Негизги максатым акча табуу эмес

-- “Ишкерчилик колумдан келеби?” деп биринчиден өзүмдү сынагым келди. Негизги максатым акча табуу эмес, коомго пайда келтиргим келет. Ишти мындан дагы кеңейтип, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөйм. “Продукциялардын түрлөрүн көбөйтүп, кеңири жайылтып, коомчулуктан ири буюртмаларды алсам” деп кыялданам...


Анархан Алтымышова

P.S. Буюртма берүү үчүн тел.: 0772-45-92-24, Матлюба 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер