Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул, саясат таануучу: “Криминалдык булактар баңгизатты Афганистандан Борбор Азия аркылуу Россияга, Россиядан Европага кеткен жолдорун көзөмөл кылып келген”

Чынара Эсенгул, саясат таануучу: “Криминалдык булактар баңгизатты Афганистандан Борбор Азия аркылуу Россияга, Россиядан Европага кеткен жолдорун көзөмөл кылып келген”

22-ноябрь, 09:00
672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы менен Кыргызстанга чет өлкөдөн инвестиция тартуу климаты жакшы жакка өзгөрөбү?

-- Теория менен алып карасак, криминал менен тышкы инвестициянын түз байланышы бар, ал кашкайып эле көрүнүп турат. Криминалдык топтордун потенциалы мамлекет ичинде азайса, инвестиция келүүчү чөйрө жакшырып, мүмкүнчүлүк түзүлөрү шек жаратпайт. Бул жерде “мүмкүнчүлүк” деген сөз абдан маанилүү. Анан “лидерлери жок болсо эле дароо инвестицияга даңгыр жол ачылат” деген андай далилденген түшүнүктү эске алуу кыйын. Криминалдын, анын лидеринин жок болушу бир тарап, экинчиси, өлкө ичинде бизнес чөйрө, анын мыйзамдарынын ишке ашырылышын алдын ала инвесторлор дыкат изилдеп чыгышат, бул эң негизги фактор. Ал эми “Кыргызстанда Көлбаевдин жок кылынышы тышкы инвестициянын көлөмүн жакшы жакка өзгөртөт” деген кайсы бир тараптын билдирүүсү коомчулукка ачыктала элек. Анткени, Көлбаевдин өлтүрүлүшү тышкы жактан келген буюртма деп ойлойм. Бирок, ички саясат менен болгон кызыкчылыктар ушундай жыйынтыкка өбөлгө болуп аткансыйт. 

-- Эмне себептен кримтөбөл өлтүрүлдү деп ойлойсуз, эрте эмес, кеч эмес?..

-- Менимче, ага ички жана сырткы себептер бар. Өзүңүздөр байкагандай, бир жагынан дүйнөдө геосаясый өзгөрүүлөр тынымсыз болуп атат. Ошол эле Евразия континентинде да. Жалпысынан алганда, криминалдык булактар баңгизатты Афганистандан Борбор Азия аркылуу Россияга, Россиядан Европага кеткен жолдорун көзөмөл кылып келген. Криминалдык күчтөрдүн акыркы мезгилде өзгөрүлүп атканы жана Кыргызстандагы кримтөбөлдүн жок кылынышы жалпы глобалдуу саясаттагы абал, дүйнөдөгү процесстер инвестициялардын келишине кандайдыр бир өзгөрүлгөн шарттарды, контексти түзгөн жок.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер