Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн зөөкүр полковниктин кызынан баш тарттым?

Эмне үчүн зөөкүр полковниктин кызынан баш тарттым?

09-сентябрь, 18:51
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Мен карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Учурда бир фирмада иштейм. Сүйлөшкөн кызымдын атасы күч органдарында жетекчилик кызматта экенин деле билбептирмин. Кийин билдим...

Бир жолу Аселди (аты өзгөрдү) үйүнө узатып барып, кызыктай көрүнүшкө туш болдум. Караңгы кирип калган. Күрсүлдөгөн атасы келип, мага бир тийди: “Сен эмне кыйынсыңбы? Менин кызыма тийишип жүрөсүңбү?!” деди жулунуп. “Сиздин кызыңыз жеткизип коюуну суранды...” дедим. Желкеден кармады, жулкулдаша кетип, ал чалынып жыгылды. Ары жактан шопуру чуркап келип, мени тээп жиберди. Жерге отуруп калдым. Ушул арада Асел атасына нааразы болгон сөздөрдү айтты. Шопуру экөө делдейип туруп калышты. Мен кетип калдым.

Ошол окуядан кийин Асел менен сүйлөшпөй коюуну чечкем. Бирок, ал күндө чалат, албайм, СМС жазып, кечирим сурайт. Эмне кылууну ойлонуп башым маң. Эртең эгер күйөө бала болуп калсам, зөөкүр полковник кайната сөрөй менен кантип тил табышам? Элестете албайм...

Асел жакшы кыз, энесин тарткан окшойт...

Арсен

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер