Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанга Кытайдан ташылып келаткан алмалар артка кайтарылды

Кыргызстанга Кытайдан ташылып келаткан алмалар артка кайтарылды

31-октябрь, 10:21
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29-октябрда Кыргыз-кытай “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагына киргизилип келе жаткан 50 тоннадан ашык алма кайра Кытайга кайтарылды. 

Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен маалымат таратышты.

Маалыматта алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынгандыгы кабарланды.

“Анда ЕАЭБдин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу) талаптары бузулган. Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери текшергенден кийин карантинге алынган продукциянын партиясы Кыргызстандан Кытайга кайтарылды”, — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн мыйзамсыз экени коштоочу документтерди жана жүктү карап, текшерип жатканда аныкталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык дээрлик көпчүлүк аймагында алманын бардык сорттору өсөт. Биздин алмалар сырттан алынып келгендерге салыштырмалуу табигый жактан таза деп эсептелинет. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер