Бүткүл россиялык «Наука 0+» илим фестивалында Аскар Акаев лекция окуду


2025-жылдын 11-октябрында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин негизги китепканасында өткөн бүткүл россиялык илим фестивалы «Наука 0+» алкагында тунгуч президентибиз, белгилүү окумуштуу, дүйнөлүк илим аренасындагы аброю бийик профессор Аскар Акаев ачык лекция окуп, адамзат келечеги тууралуу терең ой жараткан баяндамасын сунуштады.
Лекциянын темасы «Дүйнө сингулярдуулук доорунун босогосунда. Бул адамзаттын өнүгүшүнө кандай таасир этет?» деп аталып, залды толтурган студенттерди, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жана келечектин тагдырына кайдыгер карабаган ар бир адамды ойго салды.
Физика-математика илимдеринин доктору, Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын академиги, Россиянын илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү Аскар Акаев дүйнөлүк масштабдагы глобалдык процесстерди, технологиянын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн терең изилдеп келаткан көрүнүктүү окумуштуулардын бири.
Өзүнүн баяндамасында профессор Акаев адамзат тарыхы жаңы, буга чейин болуп көрбөгөн бурулуш алдында турганын белгиледи. Анын илимий болжолуна караганда, жакынкы 2027-2029-жылдар аралыгында дүйнө бир эле мезгилде үч ири сингулярдуулук демографиялык, технологиялык жана макроэволюциялык өзгөрүүлөргө туш болот.
Акаевдин айтымында, бул үч процесстин убакыт боюнча дал келиши адам деңгээлиндеги жасалма интеллекттин (ИИ) жаралышына туура келип жатат. Демек, адамзат өзүнүн тарыхындагы эң жооптуу жана чечүүчү учурга чын сингулярдуулук дооруна кадам таштоодо. Профессордун пикиринде, бул доор адамдын аң-сезими менен илимий акылынын жаңы формаларын талап кылат. Себеби, жасалма интеллект жаралгандан кийин адам Жер бетиндеги жападан жалгыз акыл ээси болуудан калат.
«Адамзат тарыхы жаңы барак ачууда. Мындан ары адам менен жасалма интеллекттин ортосундагы мамиле цивилизациянын тагдырын аныктоочу негизги факторго айланат. Биз алдыда турган доорго акыл, ыйман менен даяр болууга тийишпиз» деди профессор Акаев өзүнүн терең философиялык жыйынтыгында.
Бул лекция илимий коомчулук үчүн гана эмес, жалпы адамзатка карай эскертүү жана чакырык болду. Анткени Акаев айткандай, сингулярдуулук доору жөн эле технологиялык секирик эмес, бул адамдын өзүн, аң-сезимин жана рухий дүйнөсүн кайра жаратуунун доору.
"Азия Ньюс" гезити











